5-апрелде добуш берилген мыйзам долбоорлору

05-04-2017 15:19

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында 1,2,3-окуудагы мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.11.16дагы № 629 токтом);

- “Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Иманалиев К.К., Акматов А.Ж., Бакчиев Ж.А., Токтошев Э.Т.);

- “Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.12.16дагы № 713 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.02.17деги № 128 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Баатырбеков А.Б., Самигуллина А.Э., Матраимов И.И., Казакбаев Р.А., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Жамангулов А.Ж.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 03.08.16дагы № 427 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 21-апрелинде кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-июлунда кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, “Ош Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.01.17деги № 47 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кара-Суу шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын, Кара-Суу шаарынын мэриясынын жана “Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 22 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата мэриясынын жана “Чолпон-Ата сууканалы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 23 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана “Ошшаарсууканалы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 24 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.02.17деги № 62 токтом).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-сентябрындагы “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.02.17деги № 66 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 348

Окшош жаңылыктар