ЖАҢЫЛЫКТАР 05.04.17.

05-04-2017 08:01

Бүгүнкү, 5-апрелдеги парламент жыйынында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин апрель айына карата календарлык планы  бекитилет.  “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр  үчүнчү окууда каралат.   “Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору да үчүнчү окууга чыгарылат. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору менен катар эле  “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору да талкуу ордосуна коюлмакчы.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет КР Өкмөтү менен Бразилия Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу макулдашууга макулдугун берди.Эгерде жогорудагы келишим ратификацияланса, Кыргызстан менен Бахрейндин жарандары виза алуудан бошотулуп, ал өлкөлөрдүн аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 1100 адамга дипломатиялык паспорт берилген.Андан сырткары, Никарагуа Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди түзүүгө макулдук берилди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде 2016-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу КР Башкы прокурорунун отчету угулду. Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын айтымында, укук коргоо органдары 2016-жылы 3 млрд 495 миӊ сомду мамлекетке кайтарды. «Буга Бажы кызматы тарабынан кайтарылган 31 млн 880 миӊ сом өлчөмүндөгү каражат камтылган жок. Анын ичинде прокуратура органдары тарабынан 340 млн 369 миӊ сом, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан 1 млрд 786 миӊ сом, УКМК тарабынан 1 млрд 291 миӊ сом, ИИМ тарабынан 77 млн 48 миӊ сом кайтарылган», - дейт ал.  Жыйын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев 2016-жылы кандай кылмыштардын саны өскөнүнө кызыкты. Башкы прокурор өткөн жылы баардык эле кылмыш түрлөрү кыскарганын айтып, ага так сандар менен жүйө келтирди. «Мисалы, өлтүрүү кылмышы 12,4 пайызга, зордуктоо 12,9 пайызга, карактоо 17 пайызга, бейбаштык 15 пайызга азайды», - деп кошумчалады ал.

Социалдык саясат боюнча комитет    “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр  каралды. Талкуунун  жүрүшүндө, ымыркайлар менен жаш балдардын  профилактикалык эмдөөдөн өтүшү  жөнүндө сөз болду. Республикалык  иммунопрофилактикалык  борбордун  башчысы Жолдош Калиловдун айтымында, дин жолундагы жаш үй-бүлөлөрдүн  эмдетүүдөн баш тарткан учурлары бар.  “Өзгөчө бул  жагдай 2012-жылдан баштап, жаш ата-энелердин арасында көбөйгөн. Бул көйгөйдү чечүү үчүн, учурда Дин башкармалыгы  жана Казыяттар менен тыгыз иш алып баруудабыз. Учурда, мечиттерде  насаат айтуу убагында профилактикалык эмдөө керектиги тууралуу  түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгы буга далил” – деп билдирди Ж.Калилов. 

                       СНХ.Ж.КАЛИЛОВ

Мыйзамда ата-энелердин балдарын эмдетүүдөн баш тартуусу тууралуу жазылган. Ал учурда  атайын кат менен кайрылуусу кажет. Бирок, алардын эч кандай жоопкерчилиги  каралган эмес. Буга кошумча, депутат Альфия Самигуллина, - ата-энелердин өз убагында  профилактикалык эмдөө кылдырбаганы  эпидемиялык  оорулардын  күч алышына жол бериши мүмкүндүгүн айтып,-  ар бир ата-эненин жоопкерчиликтүү болушун суранды. Болбосо, бул ишти этабарга албагандык  бүтүндөй калктын саламаттыгына зыян тийгизиши ыктымал,- деди депутат.

                      СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

«Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү  караган тармактык комитет долбоорду  кайра иштеп чыгууга жөнөттү. Себеби, депутаттардын бир тобу аталган мыйзам долбоорунун чалагайым жерлери бар экендигин айтып чыгышты. Депутат Садык Шер – Нияз,- медицина тармагындагы реформаны колго алуу жакшы. Бирок, онкологиялык тармакты жеке менчик тараптын колуна өткөрүп берүүдө кооптонуулар бар. Эгер реформаны баштасак, анда стоматология багытын да кошо карап, анын менчикке өткөндөгү алгачкы жыйынтыгын анализдеп көрсөк дурус болмок,- деген пикирин ортого салды.

                      СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Депутат Алмазбек Токторов болсо,- сыркоолуулардын тандоосун дагы эске алышыбыз керек. Мүмкүн ал жеке менчик медицинаны тандаса, анда ал тармак дагы өнүгүүгө бет алыш керек,- деген ойдо.

                     СНХ.А.ТОКТОРОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Кыргызстанда 4-5-апрель күндөрү жамгыр аралаш кар жаап, айрым жерлерде катуу жаан-чачын болот. Жолдор тайгалак болот. Чүй жана Талас өрөөндөрүндө -5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай кырдаал бүчүр байлаган мөмө бактары үчүн кооптуу.  Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде жана жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаратат. Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Ал эми бүгүн,  5-апрелде Ош, Жалал-Абад жана Баткен жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Нарын: +3...+8; Талас:+2...+7; Ош, Жалал-Абад, Баткен: +5...+10; Ысык-Көл: +4...+9 градус жылуу болот.  Бийик тоолуу райондордо -1...-6 градус суук  болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5-апрелде мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы +4…+6 градус жылуу болот. 

Көрүүлөрдүн саны : 603

Окшош жаңылыктар