ЖАҢЫЛЫКТАР 04.04.17.

04-04-2017 08:13

Кечээ, 3-апрелде  Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги бешинчи жыйынына катышты. Анда 2013-2017-жылдарда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жана  2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо алкагындагы маселелер талкууланды. Өз сөзүндө Төрага Чыныбай Турсунбеков өлкөнүн өнүгүшү өткөн тарыхыбызга кайрылуу менен жолго коюларын белгилеп: "Рыноктук экономиканын артыкчылыгын эч ким тана албайт. Биз, эки доорду башыбыздан кечиргендиктен улам социализмдин да, капитализмдин да тажрыйбаларын салыштырып, аңдап түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук" - деди. Ошондой эле ал 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүн инновациялык модернизациялоонун стратегиясы узак мөөнөткө өлкөнү өнүктүрүүнүн келечегин аныктаган документ болуп саналарын айтып,- "Мындай документтин иштелип чыгышынын зарылчылыгы, баарынан мурда, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн стратегиясын тандап алуунун актуалдуулугу, ошондой эле биздин өлкөдө жана бүткүл дүйнөдө соңку 25 жылда болуп өткөн социалдык-саясий өзгөрүүлөр жана кайра түзүүлөр менен түшүндүрүлөт. Алсак, жакында эле Тажикстан 30 жылдык өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясын кабыл алды. Анда өлкөгө көлөмү 118,1 млрд. АКШ долларын түзгөн инвестиция тартуу планы коюлган. Ал эми анын 55 млрд. АКШ доллары жеке инвестиция иретинде келээри болжолдонууда", - деп билдирди. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн аталган Улуттук кеӊештин башкы максаты өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган стратегиялык документтин алкагында атайын сунуштарды иштеп чыгуу, талкуулоо жана ишке ашыруу болуп саналат. Ал эми Кеӊештин курамында Жогорку Кеӊештин, Өкмөттүн жана тиешелүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар.

Бюджет жана финансы боюнча комитет «220 кВ Тамга-Каракол жогорку чыңалуудагы линиясын куруу» долбоору үчүн техникалык экономикалык негиздемесин даярдоого каралган 325 миң кувейт динар өлчөмүндөгү грантты кабыл алууну колдоду. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосунда макулдашуу түзүлгөн болчу. Аталган курулушка баш-аягы 55 млн доллар көлөмүндө каражат талап кылынат. Албетте, иштин ыкчамдашына адистердин кесипкөйлүгү жакшы таасирин тийгизет. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаровдун пикири:

                           СНХ.А.ЖАПАРОВ 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды. Ага ылайык, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча айыл чарба (өсүмдүк чарбасы, мал чарбачылыгы, тоок чарбасы, балчылык), балыкчылык продукцияларын жана аны кайра иштетүүчү өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредит берүү жылдык 7%дан ашпаган шарттарда жүргүзүлөөрү белгиленген. Экинчи окууда жеңилдетилген кредит берүүнүн механизмин КР Өкмөтү иштеп чыгаары боюнча түзөтүү киргизилген.

Бюджет жана финансы боюнча комитет  Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу боюнча долбоорун даярдоо үчүн грантты берүү тууралуу КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы макулдашууга макулдук берди. Ага ылайык, Дүйнөлүк банк Бишкек шаарынын жылуулук тутумун жакшыртуу боюнча техникалык документтерди иштеп чыгуу багытында 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү. Андан сырткары, жылуулук тутумунун өзүн жакшыртууга 25 млн доллар жумшалмакчы. Бул багытта тактоочу суроолорун узаткан депутаттардын бири Руслан Казакбаев болду.

                           СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ 

Депутат Айнуру Алтыбаева «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын суу түтүктөрүнүн тешилген-тешилбегенин текшерүүгө эле 25 млн доллар каражатты талаага чачканы жатканын сынга алды. «Бизде мыкты адистер бар, түтүктөрдүн жарамдуулугун ошончо каражат коротпой эле текшерип берет. Мурда алынган ушундай каражаттардын жоопкерчилигин ким тартат?», - дейт ал.

                            СНХ.А.АЛТЫБАЕВА 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы колдоо тапты. Талкууда жапайы жаңгак токойлоруна санитардык кыюу кылбай эле сактоого болоорун айткан депутат Асылбек Жээнбеков маданий токойлордогу бак-дарактардын түшүмдүүлүгүн арттыруу жана алардын сортторуна байытуу үчүн карап, тиешелүү санитардык кыюуларды жүргүзүп туруу керектигин белгиледи. “Андыктан, мораторийде эндемик токой менен маданий сорттогу бак-дарактарды бөлүп кароо керек”,- дейт ал.

                          СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ 

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-апрелде  Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Нарын: +3...+8, Талас: +2...+7, Баткен: +6...+11, Ош, Жалал-Абад: +7...+12, Ысык-Көл: +4...+9, Нарын: +3...+8 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4-апрелде жаан-чачындын ыктымалдуулугу аз. Абанын температурасы+5…+7 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 622

Окшош жаңылыктар