ЖАҢЫЛЫКТАР 03.04.17.

03-04-2017 08:22

"Ата-Мекен" фракциясы авиакырсыктын кесепетинен жабыр тарткан Дача-СУ конушунун тургундарына жардам көрсөтүү боюнча топтолгон каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшүн талкуулады. Белгилүү болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 30-марттагы маалымат боюнча 100 млн 401 миӊ сомдун тегерегинде каражат келип түшкөн. Андан тышкары, Түркиялык "ACT Airlines" компаниясы Боинг кырсыгынан жабыркагандарга компенсациянын бир бөлүгү катары 600 миӊ АКШ долларын которгон.Эске салсак, Өкмөттүк комиссиянын иликтөөсүнө ылайык учак кырсыгынан Дача-Су айылында 19 турак-жай жабыркаган. Учурда топтолгон каражаттарды калыс бөлүштүрүү маселелери каралууда. Жыйын алкагында фракция мүчөлөрү катталган укчак кырсыгы аба майдандын жанында турак-жайлардын жайгашышы кооптуу экенин белгилеп, жабыркагандарга жардамдарды калыс бөлүштүрүп берүү менен, Дача-СУ айылындагы 260 түтүндү башка жерге көчүрүү маселесин да карап чыгуу зарыл деген пикирге келишти.

КСДП фракциясы Кыргыз Республикасында пенсиялык системасын реформалоо маселесин карады. Социалдык фонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаровдун айтымында, камсыздоо төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүнүн 56 пайызы юридикалык жактардан түшөт. Анын ичинде, бюджеттик уюмдарга 39,8 пайыз, фермерлерге 1,3 пайыз, жеке ишкерлерге 2,6 пайыз таандык. «Кыскасы, фермерлер менен ишкерлерден болгону 4 пайыз каражат түшөт. Ал эми 2010-жылдан бери жашоо минимумунан жогору пенсия алган пенсионерлердин саны 1,6 эсе өстү», - дейт ал. Андан сырткары, өлкө аймагы боюнча камсыздоо төгүмдөрүн төлөгөн адамдардын саны 1 млн 442 миӊге жеткени, азыр 1 пенсионерге 1 камсыздоо төгүмүн төлөгөн адам туура келе турганы белгилүү болду. «Ал эми эл аралык ченем боюнча 1 пенсионерге 2-3 камсыздоо төгүмүн төлөгөн адам туура келиши керек. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатат», - деп кошумчалады Соц фонддун төрагасы. Ошондой эле ал бийик тоолуу райондордогу пенсионерлердин пенсиясы республикалык бюджеттен төлөнөөрүн билдирди.

                          СНХ.Т.АБЖАПАРОВ

Депутат Пархат Тулендыбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылына барып келгендигин маалымдады. Ал Чүй дарыясынын Кыргызстан жагын суу жээп кетип бара жаткандыгынан коңгуроо какты. Анын маалыматы боюнча жээкти суу жеп кеткендигинен улам, Кыргызстан 500-700 гектар жерин жоготуп, эми чоң трассага коркунуч келтирүүдө.

                           СНХ.П.ТУЛЕНДЫБАЕВ

Жогорку Кеӊештин депутаттары Аалы Карашев, Аида Касымалиева  жана Курманкул Зулушев көчкү кырсыгынан бир үй -бүлөнүн өмүрүн алган Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылына барып, бөөдө кырсыктан каза болгондордун жакындарына Жогорку Кеӊештин атынан 200 миӊ сом өлчөмүндө материалдык жардам тапшырышты. Ошондой эле, эл өкүлдөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу  айыл тургундарынын көйгөлөрүн талкуулашты. Белгилей кетсек, 26-мартта Ничке-Сайдагы жер көчкү бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн өмүрүн алган.  Жер көчкү түшкөн аймакта көчкү дале болсо жылып жаткандыктан, сөөктөрдү изилдөө иштери убактылуу токтотулган. Кооптуу жайлардагы үйлөрдөн айрым үй-бүлөлөр чатырларга убактылуу көчүрүлгөн. Бул тууралуу депутат Аалы Карашев парламент жыйынында да маалымат берген эле.

                           СНХ.А.КАРАШЕВ

15 жыл толгон Аксы окуясы боюнча сөз сүйлөгөн депутат Алмазбек Эргешов анда окко учкан жарандардын балдарына мамлекеттик жөлөкпул сындуу жардамдар берилиши зарылдыгын аткаруу бийлигине багыттады.

                           СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Эми чет элдик кабарлар топтому менен кабарчыбыз Алия Назымова тааныштырат.

                                 ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Абанын температурасы Чүй, Талас: 1...6, Ош, Баткен, Жалал-Абад:  3...8, Ысык-Көл, Нарын: 2…7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында  бүгүн, 3-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы 4...6 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 619

Окшош жаңылыктар