Тендерсиз мамлекеттик сатып алуулардын босогосун жогорулатуу демилгеси көтөрүлүүдө

30-03-2017 12:53

Жогорку Кеӊеште жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тендерсиз сатып алууларынын босогосун жогорулатууга багытталган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Улугбек Ормонов, Сайдулла Нышанов, Кенжебек Бокоев, Азиз Турсунбаев, Музаффар Исаков.

Демилгечилердин айтымында, тендерди жарыялап, анын жыйынтыгын чыгаруу үчүн кеминде үч аптадан ашуун убакыт талап кылынат. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам, тендер жокко чыгарылса, андан да көп убакыт кетет. Жарыяланып жаткан тендерлердин айланасында ар дайым талаш-тартыштар көп. Ошондон улам, мамлекеттик сатып алуулардын жолжобосун жөнөкөйлөтүү демилгеси сунушталууда. Демилгечи тендерсиз сатып алуунун азыркы босогосу 800 миӊ сом экенин эске салып, аны 1 млн сомго чейин көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Талкуу жүрүшүндө Өкмөттүн өкүлү Өкмөт тарабынан ушундай эле ыӊгайдагы мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирип, демилгечилерди мыйзам долбоорун кайтарып алып, аларды биринчи окуу режиминде бириктирүүгө чакырды. Демилгечилер мыйзам долбоорун өзүнчө эле карай берүү чечимине келди.

Белгилей кетсек, Өкмөт тарабынан даярдалган мыйзам долбоорунда баардык сатып алуучу мамлекеттик мекемелерге бирдей шарттар каралып, тенденсиз мамлекеттик сатып алуулардын төмөнкү жана жогорку босогосун 1-4 млн сомго чейин жогорулатуу чаралары сунушталууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 503

Окшош жаңылыктар