Жалпы айылдардын 82%ы дотацияда олтурат

27-03-2017 11:13

Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерлер өзүн - өзү көрсөтсө болот. Ал эми талапкерлерди сунуштаган саясий партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн киргизүү жагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо” жөнүндөгү мыйзам долбооруна сунушталган жаңылыктардын бири.  

Шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч жүз эсе өлчөмүндө белгиленүүдө. Бул азыркы учурда 30 000 (отуз миӊ) сомду түзөт. Негизги максат - талапкерлирдин шайлоого карата жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Коюлган шайлоо күрөөсү, эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 %нан кем эмеси  талапкер үчүн добуш берсе, күрөөнү талапкерге кайтаруу жагдайы да эске алынган. Мындай маалыматтар менен бүгүн, 27-мартта Талас шаарында өтүп жаткан парламенттик угууда демилгечи депутат Кенжебек Бокоев  тааныштырды.

Күрөө коюу талабынын туура кадам экендигин билдирип, мындай демилгени колдой тургандыгын КР Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев да билдирди. 

Парламенттик угууга келгендерди кызыктырган суроолордун бири акимчиликтин ролуна тиешелүү болсо, Айыл өкмөт башчыларын кызматынан кайра чакыртып алуу жагдайлары да талкуунун өзөгүн түздү. 

Депутат Бактыбек Райымкулов бийликтин ирети зарылдыгын айтып, кайсыл бир жерлерде акимди тоготпогон айыл өкмөттөрү жолугаарын кошумчалады. Бирок, кандайдыр бир чукул чаралар жаралса, маселени чечүү жолун акимден сурашыбыз керек,- дейт. 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын санын жогорулатуу сунушу да көтөрүлүп жатат. Анткени, алар айлык маяна алышпайт. Бул талкуудан тактыкты жаратууга негиз берет,- дейт демилгечи депутат.  

Ошондой эле айыл өкмөттөрүндө иш кагаздарынын регламенти жана функционалдык милдет тууралуу регламент деген эки регламент болсо,  ал иштин багытын аныктоого жардам берет.

Дотацияда олтурган айылдар жалпы айылдардын 82%ын түзөт. Эгер эл аралык тажрыйбага таяна турган болсок, анда ЖӨБО Ассоциациясын түзүү керек. Мындай пикирин ортого салган депутат К.Бокоев, - “Жергиликтүү бюджеттин 50%ы мугалимдер менен тарбиячылардын айлык акыларын, коммуналдык кызматтардын акысын төлөөгө кетет. Бул ишти республикалык бюджетке которуу зарыл”,- дейт.  

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2177

Окшош жаңылыктар