ЖАҢЫЛЫКТАР 17.03.17.

17-03-2017 08:10

Бүгүн, 17-мартта саат 12:00до ЖК депутаттары  Искендер Матраимов, Кенжебек Бокоев жана Мирлан Бакиров “Жай олтуруп баарлашуу” долбооруна катышат. Анда КРдагы  кадр саясаты, Айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо темалары талкууланат. Иш чарага катышууну каалаган ММК өкүлдөрү 63-92-00 телефонуна байланышка чыгышса болот.

Жогорку Кеӊештин депутаттары 22-23-март күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

КР Өкмөтү элди турак-жай менен камсыз кылуу үчүн бир топ аракеттерди көрүп жатат. Мындай жагдайга токтолгон депутат Мирлан Бакиров документ топтоодогу бюрократиялык тоскоолдуктар менен ипотекалык насыянын пайыздык ченинин жогорулугу маселе жаратып жатканын айтып, андан улам бир топ жарандар ипотекалык насыя алуудан баш тартып жатканын белгиледи.

                         СНХ.М.БАКИРОВ

Депутат Жылдыз Мусабекова Өкмөттөн Памир кыргыздарынын Алай, Нарын жергесине көчүрүп келип, жайгаштыруу иш-чараларынын планын берүүнү өтүндү.

                        СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүшү менен өлкөбүздө дагы табыгый кырсыктар, мөңгүлөрдүн эрүүсү арбып барат. Бул көйгөй менен күрөшүүдө дүйнө жүзүндө атайын фонддор түзүлгөн. Башка өлкөлөр бул фонддон каражат алып, экологияны сактоого батыл киришүүдө. Депутат Аалы Карашев мындай олуттуу маселени көтөрүп, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин макамын көтөрүп, экологияны сактоо иштерине ыкчам киришүүнү Өкмөткө сунуш кылды.

                        СНХ.А.КАРАШЕВ

Депутат Бакирдин Субанбековдун айтымында, Чүй областындагы бир топ мектептерде балдардын саны абдан көп болуп, 3 нөөмөт менен окуп жатат.

                       СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

“Бишкекте  окуучулар көбөйдү. Статистикага ылайык,  бир класста 40тан ашык  окуучу бар. Алгач мектептер өз аймагындагы катталган  балдарды кабыл алышып, андан кийин гана башка райондордон кабыл алууну жүргүзүшөт. Андан тышкары, учурда Билим берүү министрлигинде  электрондук кезекке туруу системасы да иштеп жатат.Системага  аталган министрликтин сайтынан байкоо жүргүзүлөт. Анда ата-энелер  балдарын  каалаган  мектептерге  каттатууга укугу бар”,- деп билдирди  Билим берүү жана илим министрлигинин  мектептер, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки мекемелер боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымова.

                      СНХ. Н.КАСЫМОВА

Депутат Дастан Бекешев китепканалар боюнча ишти алып барууда аларлын базасын тактоо боюнча электрондук катологду түзүүнү сунуштады.

                     СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Алия Назымова тааныштырат.

                            ТАСМА

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолуп, муз тоңот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Мындай кырдаал ушул апта соңуна чейин сакталат. Ал эми бүгүн, 17-мартта кээ бир райондорго, тоолуу аймактарга кар жаайт. Тоолуу жолдорго кар күрткү топтолуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15–20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл: +2 ... +7, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+5...+10 градус жылуу болот. Нарын: 0...-5, бийик тоолуу райондордо -7...-12 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17-мартта түштөн кийн жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +5…+7 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 418

Окшош жаңылыктар