Турсунгүл Чаргинова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайланды

16-03-2017 16:02

Жогорку Кеңеште Чаргинова Турсунгүл Толепекова Жогорку соттун судьялыгына шайланды. Анын талапкерлиги Судьяларды тандоо кеӊештинде тандалып, КР Президенти тарабынан көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жаӊыдан Жогорку соттун судьялыгына шайланган Турсунгүл Чаргинова парламентте ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Белгилей кетсек, “Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, судья Жогорку Кеӊеште ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 560

Окшош жаңылыктар