Айыл чарбасын өнүктүрүү максатында дыйкандарга ссуда берүү боюнча мыйзам долбоору каралды

16-03-2017 15:37

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында  “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Бул маселе боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасалды.

Мыйзам долбоорунун концепциясында айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча айыл чарба (өсүмдүк чарбасы, мал чарбачылыгы, тоок чарбасы, балчылык), балыкчылык продукцияларын жана аны кайра иштетүүчү  өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредит берүү жылдык 7%дан ашпаган шарттарда жүргүзүлөөрү белгиленген. Экинчи окууда жеңилдетилген кредит берүүнүн механизмин КР Өкмөтү иштеп чыгаары боюнча түзөтүү киргизилген.

КР Өкмөтүнүн өкүлү мыйзам долбоору боюнча сунушталгандай ссуда катары бериле турган болсо, насыя алуучулардын саны азайып кетет деген болжолдор бар экенин белгиледи. Ал эми КР Каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков болсо субсидия бере турган болсок көп субьекттер бул долбоорго камтылаарын, аны менен көптөгөн фермерлерге насыя берилерин, эгер ссуда берилсе бюджетте канча каралса ошону менен эле чектелип калаарын билдирди.

Талкууда бир катар депутаттар ссуда берүү менен мамлекетке да пайдалуу болоорун айтып, мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Демилгечилердин бири депутат Бактыбек Райымкулов КР Өкмөтүнүн кайчы пикирине карата мыйзам долбоорунда ссуда берүү механизмин КР Өкмөтү өзү аныктайт деген түзөтүү кошумчаланып жатканын тактап берди.

Депутат Зиядин Жамалдинов бул мыйзам долбоору менен дыйкандар колдоого алынбай тургандыгын, анын ордуна РСК менен “Айылбанк” банкынын кредиттик портфелин көбөйтүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери – КР Кеңешинин депутаттары Ө.Бабанов, Р.Казакбаев, Т.Мамытов, Б.Райымкулов, А.Жамангулов, П.Тулендыбаев, А.Алтынбеков, А.Абжалиев, Э.Байпакбаев, К.Баймуратов, К.Бокоев, М.Жеенчороев, Жунус уулу Адыл, К.Зулушев, Д.Исаева, А.Исмаилова, Ф.Иминов, У.Кадыралиев, М.Мавлянова, Н.Нишанов, А.Өмүрбекова, М.Сабиров, Б.Сыдыков, Т.Тиллаев, Ж.Турускулов, Р.Туманбаева, У.Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 398

Окшош жаңылыктар