Депутат Абдывахап Нурбаев Финляндиянын депутаттар тобу менен жолугушту

16-03-2017 12:48

 Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Финляндия парламентинин Орто Азия достук тобунун мүчөлөрү, депутаттары  менен жолугушту. Финляндияга барган делегациянын курамында билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева, «Себат» билим берүү мекемесинин  башкы директору Нурлан Кудайбердиев бар.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди, ар тараптуу кызматташтыкты өүнүктүрүү, чыңдоо туурасында пикир алмашуулар болду. Өзгөчө билим берүү жана туризм тармактарында тез аранын ичинде иштердин башталып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун түбөлүктүүлүгүнө карата мүмкунчүлүгү бар экендиги тууралуу сүйлөшүп, мындан ары парламенттер, өкмөттөр жана жарандарыбыздын ортосундагы кызуу кызматташуулары достукка өбөлгө түзүлөөрү баса белгиленди.

   Финляндия парламентинин Орто Азия достук тобунун жетекчиси Кай Мыканен билим берүү, туризм тармагында тажрыйба алмашууну жолго коюуга толук мүмкүн экенин белгилеп, бул багытта Финляндиянын өкмөтү тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Көрүүлөрдүн саны : 330

Окшош жаңылыктар