ЖАҢЫЛЫКТАР 16.03.17.

16-03-2017 09:18

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик расмий делегация кечээ, 15-мартта Пакистан Ислам Республикасынын Соода-өндүрүш палатасынын мүчөлөрү жана бир катар жергиликтүү ишкерчилик чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү жолдорун талкуулап, Кыргызстандагы инвестициялык шарттар тууралуу да пикир алышты.Пакистан Соода-өндүрүш палатасынын өкүлдөрү медицина, фармацевтика, кен иштетүү, IT технология, айыл-чарба, анын ичинен эт өндүрүү багытында кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдирип, аталган тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болорун кошумчалашты. Ири энергетикалык долбоорлор тууралуу да инвестициялык потенциалды бекемдөө туралуу сөз болду. Ал эми Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы суу энергиясын өндүрүү багытындагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берип, аталган тармакта кызматташуу эки өлкө үчүн теӊ ылайыктуу болорун белгиледи. 

Кечээ, 15-марттагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга “Апрель революциясынын баатырлары чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынды. КР маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун айтымында, мыйзам долбоору “Апрель революциясынын” баатырларынын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында сунушталган. Жыйын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин баардык фракцияларынын мыйзам долбоорун 3 окууда колдоо боюнча боюнча чечими бар экени белгилүү болду.

Жогорку окуу жайларын аяктагандардын алган билими көпчүлүк учурларда мактана алгыдай жыйынтык бербей жатат. Андыктан, ар бир диплом алып чыккан ЖОЖ бүтүрүүчүсү кайрадан жалпы тестирлөөдөн өтүп турса заман талабына шай келмек. Мындай пикирин билдирген депутат Алтынай Өмүрбекова,- Билим берүү тармагындагы  мыйзамдарга  өзгөртүү киргизүүнү   сунуштап, Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынына атайын маселе алып чыкты.

                         СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Депутат  Алмазбек Токторов тестирлөөдөн өткөргөндөн кийин  диплом менен бирге кошумча тиркеме берүүнү сунуштайт.

                         СНХ.А.ТОКТОРОВ  

Билим берүү жана илим министрлигинин  жогорку окуу жайлар боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси  Сусаркүл Алынбекова жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн кайрадан тесттен өткөрүү талабы көбүн эсе медициналык багытта билим алгандарга тиешелүү болсун деп сунуш бергендер бар. Муну сыноо иретинде колдонсо болот. Бирок, бардык тармактар боюнча жайылтуунун зарылчылыгы жок,- деп билдирди “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.

                        СНХ.С.АЛЫНБЕКОВА

Депутат Т.Икрамов,-“Мектептердин  негизги муктаждыктарын мамлекет өзү каржылаш керек. Билим берүү акысыз,-деп Баш мыйзамда жазылып тургандыктан, мыйзамга жат иштерге жол берилбеши шарт. Болбосо, 500-600 сомдон жыйнап ата-энелерди убайымга салган адат көндүм көрүнүшкө айланып бара жатат.Буга кайсыл бир үй-бүлөнүн шарты болсо, кээ биринин чамасы жетпейт. Ошондуктан, мыйзам талаасына салып, мектепке колдоо көрсөткүсү келген тараптар болсо анда өйдө-ылдый каражат жыйнабай, Бишкек шаары үчүн жылына ар бир окуучуга 1200 сомдон төлөм каралсын деген сунуштар айтылып жатат”,- деп билдирди “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                       СНХ.Т.ИКРАМОВ

Билим берүү жана илим министрлигинин  мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелер боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси  Нурзида  Касымова:- “Мектептерге бөлүнгөн каражаттын 91%ы мугалимдердин айлыгына, калган 9%ы   ар кандай керектелүүчү каражаттарга жумшалат. Албетте,  бул  каражат жетишсиз болгондуктан, камкордук кеңешин түзүп иштешип жатабыз”, -деп түшүндүрдү. 

                      СНХ.Н.КАСЫМОВА   

Эми чет элдик кабарлар топтому менен кабарчыбыз Алия Назымова тааныштырат.

                            ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолуп, муз тоңот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Мындай кырдаал ушул апта соңуна чейин сакталат. Ал эми бүгүн, 16-мартта өлкөнүн айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+4 ... +9, Талас: +3 ... +8, Ысык-Көл:+2...+7 градус жылуу болот. Нарын:-2 ...-7, бийик тоолуу райондордо -5 ... -10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16-мартта жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +7…+9 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 173

Окшош жаңылыктар