Соттолгон адам башка кылмыш жасаган учурда ага карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу кайрадан колдонулбайт

14-03-2017 16:56

14-мартта Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына (КР Жазык кодексине жана Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам  долбоору 1-окууда каралып, жактырылды.

КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровдун маалыматы боюнча жаза аткаруу мекемелеринде учурда 900дөн ашык шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондор эсепте турат. Өткөн жылы  350 соттолгон адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын ичинен 25 адам кайрадан кылмышка барган.

Мыйзам долбоорунда киргизиле турган турган жаңылык –соттолгон адам башка кылмыш жасап жана сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ал соттолгон адамга карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу кайрадан колдонулбайт. Бул ченем мурун шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондордун жеке тартибинин оңолушүна түрткү берет.

Долбоордо шарттуу түрдө мөөнтүнөн мурда бошотууну колдонууга соттолгон адам тарабынан келтирилген материалдык зыянды төлөп берүү бөлүнгүс шарт болорун аныктоо сунушталган. Мындан тышкары, коомдук коркунучтуу оорулардын таралышын алдын алуу максатында долбоордо шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу баңгиликке жана ууландыруучу заттарга болгон көз карандылыктан жана кургак учук оорусунан дарылануу курсунан өткөндөргө карата колдонулары белгиленген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 187

Окшош жаңылыктар