Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши Башмыйзамга шайкеш келтирилип Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүлүүдө

15-03-2017 10:29

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Согуштук абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар И.Өмүркулов, Т.Зулпукаров, Ө.Бабанов, М.Жээнчороев, Б.Ибраимжанов, Б.Сыдыков, А.Баатырбеков, Т.Конушбаев, А.Токторов, А.Турсунбаев.

Аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун максаты болуп 2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын референдумунда кабыл алынган “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ылайык келтирүү эсептелет. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши деп кайра аталган.

Ушуга байланыштуу сунушталган мыйзам долбоорунда “Согуштук абал жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилет, тактап айтканда “Коргоо кеңеши” деген сөздөр “Коопсуздук кеңеши” деген сөздөр менен алмаштырылат.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Ошонуменен катар жогоруда аталган мыйзам долбоору менен бир пакетте иштелип чыккан “Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Улуттук коопсуздук жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” мыйзамдарга) мыйзам долбоору дагы каралып, 3-окууга добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 317

Окшош жаңылыктар