ЖАҢЫЛЫКТАР 15.03.17.

15-03-2017 08:02

Кечээ, 14-мартта Төрага Чыныбай Турсунбеков расмий иш сапарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Төрагасы Раза Раббани менен жолугушту. Анда парламенттер аралык кызматташтыкка байланышкан бир катар маселелер көтөрүлүп, эки тараптуу алакалардын келечеги тууралуу да сөз болду. Төрага Чыныбай Турсунбеков эки өлкө ортосунда кандайдыр бир саясий пикир келишпестиктер жок экендигин белгилеп, Пакистан Азиядагы парламенттик демократиялык багытта өнүгүп жаткан өлкө катары, бул жааттагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү болорун кошумчалады. Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтык маселесине токтолгон Төрага, Жогорку Кеӊеш Пакистан Сенаты менен болгон алакаларды, айрыкча достук топторунун жана Комитеттеринин деӊгээлиндеги байланыштарды кеӊейтүүгө кызыктар экенин билдирип: "Тыгыз кызматташтык парламентаризмди куруудагы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө шарт түзөт", - деди. Раза Раббани да  Пакистан Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө кызыктар экенин белгилеп, парламенттер аралык өнөктөштүктү да арттыруу керектигин кошумчалады. Мындан тышкары, ал Кыргызстан элчилиги менен биргеликте мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата мааракелик иш чараларды уюштурууну  Пакистан Сенатынын достук тобуна сунуштай тургандыгын убада кылды.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 15-марттагы жыйынында “Согуштук абал жөнүндө” КР  конституциялык  мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт.   “Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына да сунушталып жаткан  өзгөртүүлөр бар.  “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр болсо экинчи окууда талкууга чыгат. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору дагы жыйындын күн тартибине киргизилген.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан  өзгөртүүлөр экинчи окууда тармактык комитеттин колдоосуна ээ болду. Аталган мыйзам долбоору республиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап талаптарга жооп берген академиялык илим системасын өнүктүрүү, өлкөнүн илимий техникалык потенциалын калыптандыруу максатында иштелип чыккан.  Депутат Алмазбек Токторов,- Улуттук илимдер академиясынын учур талабына жооп бергидей болушу шарт экендигин айтып,  академиктердин саны менен эмес, иштин натыйжасы менен мактана тургандай иштер жасалыш керектигин билдирди.

                                 СНХ.А.ТОКТОРОВ

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев илим деген түшүнүк кеңири маанини берерин айтып, илимдин колдонмо иштери гана эмес, анын теориялык багыттары да улам өнүгүүгө багыт алып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле ал илимдер тармагында эксперименталдык (сыноо иштерин жүргүзүүчү) база болушу кажеттигин кошумчалады.

                                СНХ.А.ЭРКЕБАЕВ

Депутат Жанар Акаев болсо,- “Мамлекет спортчуларга мамлекеттен каражат бөлүп, анан алардын жыйынтыгын сурап, алган медалын такташат. Окумуштуулар деле ошондой болуш керек. Илимге жетиштүү каражат бөлүп, анан анын үзүрү тууралуу сөз кылганыбыз жарашмак. Буга Өкмөт жетиштүү көңүл буруш керек. Илимди модага айлантуунун убагы келди.Ошондо гана жаштарыбызды илимге кызыктыра алабыз”,- дейт. 

                                СНХ.Ж.АКАЕВ

Илимди өнүктүрүүгө жол ачып бере турган келечектүү долбоорлорду, илим менен техниканын инновациялык жетишкендиктерин камсыздоону ишке ашыруу максатында Улуттук илимдер фонду түзүлүш керек. Мындай кадамдын зарылдыгын депутат Кубанычбек Жумалиев билдирди.

                                СНХ.К.ЖУМАЛИЕВ

“Кыргызстан” фракциясынын депутаттары  2030-жылга чейин  өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, сатып пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Мыйзам долбоорун колдоп беришти. Өзү жылына баалуу дарактардан түшкөн киреше 80, 90 млн сомго жетет.Ал эми аларды дарылоого жылына 300 миң сом гана акча бөлүнөт.

                                СНХ.А.БААТЫРБЕКОВ

Кыргыз Республикасынын  Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков  “Салттуу  маданияттын жумалыгын”  өткөрүү тууралуу маалымат берди. Бул маселе 13-мартта өткөн  Социалдык комитеттин  отурумунда талкууга алын эле.  Министрдин айтымында,   мындай саамалык  кыргыздын салттуу маданиятына тийиштүү болгон  ак калпак күнүн,  комуз күнүн,   төкмө акындардын  жана манасчылардын башын бириктирмекчи.  Бул дүйнөлүк стандартка да туура келет. Жумалык   октябрь айынын   экинчи жумасында өткөрүлүүсү сунушталды.   Сунуш  депутаттардын гана эмес, коомдук фонддордун да колдоосуна ээ болду.

                               СНХ.Т.КАЗАКОВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолуп, муз тоңот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Мындай кырдаал ушул апта соңуна чейин сакталат. Ал эми бүгүн, 15-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй:+3 ... + 8, Талас: +2 ... + 7, Ош, Баткен, Жалал-Абад: +5 ... +10, Ысык-Көл:0 ... + 5 градус жылуу болот. Нарын:-4 ...- 9 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 15-мартта жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +6 ... + 8 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 429

Окшош жаңылыктар