Тескей Ала-Тоодогу белгисиз чокуга Апрель элдик револциясынын баатырларынын ысымы ыйгарылат

14-03-2017 12:25

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот- укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Ысык-Көл аймагындагы аты жок чокуга Апрель элдик револциясынын баатырларынын ысымын ыйгаруу демилгесин дароо эле үч окууда жактырды.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Тескей Ала-Тоо тоо кыркасындагы бул чоку 4142 метр бийиктигинде жайгашкан. Ага Апрель элдик револциясынын баатырларынын ысымын ыйгаруу демилгесине баардык парламенттик фракциялар макулдук берген.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1065

Окшош жаңылыктар