Тармактык комитет Жогорку соттун судьялыгына Турсунгүл Чаргинованын талапкерлигин жактырды

14-03-2017 12:24

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети КР Президенти тарабынан Жогорку соттун судьясы кызмат ордуна сунуш кылынган Чаргинова Турсунгүл Толепекованын талапкерлигин жактырып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1267

Окшош жаңылыктар