ЖАҢЫЛЫКТАР 14.03.17.

14-03-2017 07:58

Кечээ, 13-мартта Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттык делегация Пакистан парламентиндеги кыргыз-пакистан достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту. Иш-чарада парламенттер аралык мамилелерди достук топторунун тыгыз кызматташтыгы аркылуу кеӊейтүүгө болору айтылып, тараптар байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулашты. Төрага Чыныбай Турсунбеков парламенттик демократиялык багытты тандап алган Кыргызстан үчүн Пакистандын бул жааттагы тажрыйбасы өтө зарыл экенин белгилеп: "Күндөн-күнгө парламенттик достук топторунун жана депутаттардын кызматташтыгы жигердүү өнүгүп барат. Себеби, эки мамлекет үчүн ар тараптуу алакалардын мааниси чоӊ.  Андыктан, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы бардык иш-чараларды жана долбоорлорду колдоого алышыбыз керек", -  деди. Ал эми кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун мүчөсү, депутат Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеӊештин ишмердүүгү жөнүндө маалымат берип, парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылды.Эске салсак, кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, А.М.Султанов, И.Ю. Карамушкина жана К.С.Нурматовдор кирет.

Боинг-747 учак кырсыгынан жабыр тарткандарга атайын эсепке келип түшкөн каражатты бөлүштүрүү ишин тездетүү зарыл. Бул тууралуу Каржы министрлигине Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында тапшырма берилди. Тармактык комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаевдин айтымында, кырсык кесепетинен улам көп адамдардын турак жайлары кыйраган, суук түшкөнгө чейин аларды калыбына келтирүү милдети турат.

                         СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Каржы министрлиги тармактык комитеттин тапшырмасын такай создуктуруп келет. Мисалы, курулушу башталып калган социалдык объектилерди биринчи кезекте бүткөрүү тапшырмасы берилген, ал бир жылдан бери аткарылган жок. Бул тууралуу депутат Улан Примов Бюджет жана финансы боюнча комитетте 2016-жылдын 30 –майындагы Ош областынын Алай районуна жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Ош областынын Араван районуна болгон көчмө жыйындардын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди. Ал эми депутат Айнура Осмонова мигранттардын балдары үчүн кошумча узартылган күн группаларын түзүү жактары кандай болоруна кызыкты. Мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин баалоо шарттары да талаптагыдай болуш керек,- дейт депутат.

                         СНХ. А.ОСМОНОВА

КР Башкы прокурорунун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов өткөн жылы прокуратура адам укуктарынын сакталышы, ишкерлердин укуктарын коргоо жана коррупция менен күрөшүү приоритет кылып кабыл алынгандыгын айтып, бир катар сандык маалыматтарга токтолду. Ал өткөн жылы парламент тарабынан, айрыкча, айыл өкмөттөрүн, ишкерлерди ыгы жок текшерүүнү жөнгө салуу боюнча берилген тапшырмалар жаатында бир катар иштер жасалгандыгын айтты.

                        СНХ.К.ТОКТОГУЛОВ

Жаздын келиши менен дарыялардын, суулардын деңгээли көтөрүлө баштады. Депутат Айтмамат Назаров Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясы кум-шагылдардан тазаланбай, суу көлөмү жогорулай баштаганын айтты.

                        СНХ.А.НАЗАРОВ

Жаңгак жана арча өңдүү өзгөчө баалуу породадагы дарактарды кыюуга мараторий жарыяланат. Баалуу дарактарды кыюуга,сатып же сыртка экспорттоого тыюу салуу туралуу  мараторий 2007-жылы киргизилген. Быйыл 2017-жылдын 12-февралында мөөнөттү аяктаганына байланыштуу “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары аны дагы узартуу боюнча мыйзам долбоорун сунушташууда. Алсак,бир түп жаңгактын салмагы 500 дөн 1000 кг чейин жетет.Ал кырк же элүү жылдап отуруп анан жетилет.Ал эми 70 же 80 жыл өткөндө гана токойго айланат.Мындай кылымдап өскөн баалуу дарактарды кыюуга бекитилген айып пулдун аздыгын эске алуу менен аны көбөйтүү сунушу берилди.

                        СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окуунун режиминде каралды. Анда баалуулугу төмөн жерлерди берүү боюнча ыйгарым укукту жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга берүү сунушталган. Шаар мэрияларына көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жерлерди коомдук муктаждыктар үчүн теске салуу укугунунун берилиши шаар аймагындагы маселелерди ыкчам чечүүгө багытталган. Ошону менен катар тоо кендерин иштетүүчүлөргө өзгөчө баалуу жерлерди кошпогондо башка жерлерди трансформациясыз берүү жагы дагы каралган.

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондордунда жана тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолуп, муз тоңот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо тийиш. Бүгүн, 14-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Ош, Баткен,Жалал-Абад: +2...+7, Ысык-Көл:0...+5 градус жылуу болот. Нарын:-4...-9, бийик тоолуу райондордо -7...-12 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14-мартта мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы 0...+2 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 400

Окшош жаңылыктар