ЖАҢЫЛЫКТАР 13.03.17.

13-03-2017 07:55

Депутат Тазабек Икрамов Кытайдын Уйгур автономдуу аймагында Кыргызстандын жүк ташуучу унааларына тыюу салынып, айдоочулар бир топ чыгым тартып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, жүк ташуучуларга унаалардын тент менен жабдылышынын ордуна контейнерлерди койгула деген талап коюлган.

                       СНХ. Т.ИКРАМОВ

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Демилгечилердин бири, депутат Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен “Ветеринария жөнүндө” мыйзам Эл аралык эпизоотикалык бюронун жаныбарлардын саламаттыгы кодексинин ченемдерине шайкеш келтирилип, өлкөдө жеке ветеринардык кызматты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Талкуу жүрүшүндө депутат Экмат Байбакбаевдин суроосунан кийин мал ылаңы чыккан учурда ошол аймактын ветеринары 4000-10000 сомго чейин айып тартаары, кийин бул ветеринардын ишмердүүлүгүн улантуу боюнча келишим түзүлбөстүгү белгилүү болду.

                       СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар болгондугун депутат Алиярбек Абжалиев маалымдады. Ошону менен катар депутат аталган маселе тууралуу Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда түзүлгөн келишимде консультанттарга эле 2 млн АКШ доллары каралгандыгын сынга алды.

                      СНХ.А.АБЖАЛИЕВ

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясы КР Башкы прокуратурасынын 2016-жылдагы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун жана аларды бекемдөөдө прокуратура органдарынын аткарган иштери тууралуу отчётун канааттандырарлык деп тапты. Талкууда депутат Тынчтык Шайназаров акыркы мезгилде кылмыш ишин козгоодо дароо эле камак чарасы колдонула башталганын айтты. Депутат камак чарасынын ордуна, маселен, мамлекетке миллион сомдук зыян келтирди деген жүйөө менен кармалган адамды 3 миллион сом күрөө менен чыгарып, анан тергөөнү улантууну сунуш кылды.

                     СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

Борбор калаадагы №64 мектеп имаратында жайгашкан курал сатуучу дүкөн чыгарыла тургандыгы белгилүү болду.Бул суроону тактаган депутат Тазабек Икрамов КР Башкы прокурорунун биринчи орун басары Кылычбек Токтогуловдун так жообун күттү.

                    СНХ.К.ТОКТОГУЛОВ

КСДП фракциясы билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндөгү маалыматты укту. Баяндама жасаган Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, билим берүү тармагына республикалык бюджеттин 20 пайыздан ашык бөлүгү жумшалып, 2011-2016-жылдар аралыгында мугалимдердин орточо маянасы 3,5 миӊ сомдон 13 миӊ сомго чейин жогорулады. «Мындан беш жыл мурда билим берүү тармагында мугалимдердин 3,5 миӊге жакын бош орду болсо, азыр ал 665 ваканцияга чейин кыскартылды», - дейт ал. Ошондой эле бюджеттик бөлүмдөрдө окуган студенттердин стипендияларын 2 эсе көтөрүү чаралары колго алынды. Ал үчүн 31 млн сом кошумча каражат талап кылынат.

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй: -2…3;Талас: -3...2 градуска чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл:2…7 градус жылуу болот.  Нарын: -2…-7 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13-мартта жаан-чачын болбойт, бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы  1…3 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 123

Окшош жаңылыктар