Депутат Ирина Карамушкина: «Капиталдык курулуш жаатындагы башаламандыкты токтотуш керек»

10-03-2017 12:44

КСДП фракциясында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда, бир катар депутаттар Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинин көлөмүнө кызыгышты. Ал эми депутат Ирина Карамушкина бюджеттик каражат сарамжалдуу пайдаланылбай жатканын баса белгиледи.

Министр Гүлмира Кудайбердиева өзгөчө капиталдык курулуш жаатында кемчиликтер кетип жатканын моюнга алды. «Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы бюджети – 28 млрд 31 млн сом, бирок түздөн-түз билим берүү багытында анын 22 пайызы гана жумшалат. Бул өлкөнүн эӊ ири тармактарынын бири үчүн анчалык деле чоӊ көлөмдөгү каражат эмес», - деди ал.

Депутат Ирина Карамушкина кээбир адамдар өзү жашаган көчөгө дагы мектеп куруп берүү талабын коюп келгенин эске салды. «Мындай болбойт да. Окуучулар батпай калган мектептер бар, бош турган мекемелер турат, чын эле көрүнгөн жерге мектеп кура беребизби? Капиталдык курулуш жаатындагы башаламандыкты токтотуп, жалпы кызыкчылыкты ойлошубуз керек, ансыз билим берүү сапатын жакшырта албайбыз», - деп кошумчалады ал.

«Тилекке каршы, мектеп керек болбогон айрым бир жерлерде имараттардын курулушу башталып калыптыр. Ошондон улам, курулушу бүтпөгөн мектептер арбын. Биз эми алардын баш тарта албайбыз да», - дейт министр Гүлмира Кудайбердиева

КСДП фракциясында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалыматты талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 401

Окшош жаңылыктар