ЖАҢЫЛЫКТАР 10.03.17.

10-03-2017 09:19

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитет “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев демилгелеген жана 2017-жылдын 16-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө”, “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) мыйзам долбоорлорун кеңири талкуулоо максатында бүгүн,10-марттан баштап 31-мартка дейре Кыргыз Республикасынын аймактарында парламенттик угууларды өткөрүүнү баштайт. Мындан сырткары, жогорудагы парламенттик угууларды өткөрүүнүн алкагында “Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамдын турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзүү жагдайы дагы каралат.

Өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Тилектеш Исаевдин ордуна келген  КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Канат Керезбеков парламенттин кечээки жыйынында ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

                          СНХ.К.КЕРЕЗБЕКОВ

Ушул 2017-жылдын 16-январында “Манас” эл аралык аэропортунан алыс эмес жайгашкан куруучулар башкармалыгынын дачаларындагы авиакырсыктан  жабыркагандарга  бүгүн, 10-мартта "Элим, барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фонду жана “JIA” Бизнес Ассоциациясы биргеликте чогулткан 2 миллион сом жардам  таратат. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Иш-чарага депутаттар Абдувахап Нурбаев, Улан Примов менен  Жанар Акаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигинин, ММК, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, фонддун кызматкерлеринин катышары белгилүү болду.

Педагогикалык иштин натыйжалуулугу атайын аттестациялоонун жыйынтыгы менен бааланат. Ошого жараша ар бир адис кызматынан жогорулайт, же аттестацияны жакшы тапшыра албай калса кызматынан бошотуу маселеси да каралат. Окуучунун ата-энесинин социалдык абалын эске алуу менен жылына билим берүү түзүмдөрүнүн бирдиктүү төгүмдөрүн аныктоо жагдайлары да жолго салынганы турат. Мисалы, Бишкек шаары үчүн 1200 сом деп белгиленүүдө. Балдар бакчалары менен мектептердеги тарбиялануучулар менен окуучулардын саламаттыгын профилактикалык текшерүүлөрдөн өткөрүп, жылына эки ирет текшерүү талаптары коюлууда. Жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунун штаттык бирдигин билим берүүчү уюмдарга бекитүү маселеси да көтөрүлүүдө. Мектептердеги спорт залдарын эл аралык талаптарга ылайык келтирүү чаралары да колго алынат. Билим берүү мекемелеринде шашылыш линиясы менен ишеним телефондорун жана коррупцияга каршы атайын дубал газеталарын көз көрүнө жерге жайгаштыруу тапшырмалары да берилүүдө. Эми ушул берилген тапшырмалардын жалпы жыйынтыгы ушул 2017-жылдын 15- июнуна чейин парламенттин тармактык комитетине маалымдалсын деген чечим кабыл алынды.

Кыргызстандагы жумушсудук мурда 2 пайыз болсо, азыр 8 пайызга чейин көбөйдү, мындайча айтканда, 4 эсеге өстү. Ал эми 55 миң никеге 10 миӊ ажырашуу туура келет. Эмне үчүн ажырашкан адамдар көбөйүп барат? Баары турмушубуздун начарлыгына, жумушсуздукка барып такалат! Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                          СНХ.М.БАКИРОВ

“Ажырашуу – өтө чоң социалдык маселе” деген депутат Алтынай Өмүрбекова да КР Өкмөтү бул маселени приоритет катары карашы керектигин белгиледи.

                         СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Депутат Карамат Орозова үй-бүлөлүк зордук, балдарга болгон кордук маселесине токтолду. “Бүгүнкү күндө ажырашуу бир эле арыздын негизинде болуп калды” деген депутат ажырашуулардын себебин иликтеп, жыйынтык чыгарган киши жоктугун, ажырашкандан кийин балдары менен энеси талаада калып жаткандыгын белгиледи. “Андыктан, Үй-бүлө мыйзамы баштаган укуктук-ченемдик актыларды катуулатып, үй-бүлө очогун сактап калалы”,- дейт депутат.

                        СНХ.К.ОРОЗОВА

«Айыл Банк» Vefa Center имаратын ижарага алыптыр. Банк башчысы жаӊы имараттын тендерин жеӊип алган компанияны билбейт экен. Анын жылдык акысы 21 млн сомду түзөт, бул өтө чоӊ каражат. Ал эми «Айыл Банктын» имаратына Борбордук шайлоо комиссиясы киргени жатыптыр. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                       СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Депутат Таалайбек Масабиров Бишкектеги ВДНХнын абалына токтолду. Анын маалыматы боюнча Бишкек шаарындагы ВДНХ павильону 1974 -жылы курулган. Анда кыргыз элинин тарыхы чагылдырылган. Ошону менен катар бир катар тармактардагы, анын ичинде айыл чарбасы боюнча жетишкендиктер боюнча көргөзмөлөр коюлуп турар эле. Бүгүнкү күндө болгон көргөзмө-жарманкелердин баары Спорт ордосунда өтөт. Бул жайда спорттук иш-чаралар, концерттер өткөрүлүп келет. “Андыктан, ВДНХны капиталдык ремонттон өткөрүп, көргөзмөлөрдү уюштурсак болот эле. Болбосо, ар кандай меймандар келгенде көргөзө турган жайларды ойлонуп калат экенбиз”,- дейт депутат.

                     СНХ.Т.МАСАБИРОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй,Талас:0...-5, Нарын:-3...-8 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад:1...6, Баткен:2...7 градус жылуу болот. Ысык-Көл:-2...+3 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 10-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 0...-2 градуска чейин суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 471

Окшош жаңылыктар