Ветпалатанын реестринде каттоосу жок адистер ветеринардык иш жүргүзсө администрациялык айып салынат

09-03-2017 14:59

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Ветеринария жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 2-каралды. Демилгечилер – депутаттар Мирлан Бакиров, Алмасбек Акматов, Нодирбек Каримов.

Демилгечилердин бири, депутат Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен “Ветеринария жөнүндө” мыйзам Эл аралык эпизоотикалык бюронун жаныбарлардын саламаттыгы кодексинин ченемдерине шайкеш келтирилип, өлкөдө жеке ветеринардык кызматты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Мыйзам долбоорунун негизги максаты минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берген адистерге ветеринардык практика жүргүзүүгө укук берүү жана жеке ветеринардык врачтар менен параветеринардык адистердин (ветеринардык фельдшер же мал чарбачылыгы чөйрөсүндөгү дипломдуу адис) ишин жөнгө салуу болуп саналат.

Ал эми КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске сунушталган түзөтүүлөр менен ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер ветеринардык практиканы Ветеринардык палатанын реестринде белгиленген тартипте тийиштүү каттоосу жок жүргүзсө, аларга эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салуу каралган.

Талкуу жүрүшүндө депутаттардын суроолоруна жооп берген Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов ветеринарлар өзүнө бөлүнгөн территорияларда мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыраарын, алардын аты-жөнү жазылган мөөрлөрү да болоорун тактап берди. Депутат Экмат Байбакбаевдин суроосунан кийин мал ылаңы чыккан учурда ошол аймактын ветеринары 4000-10000 сомго чейин айып тартаары, кийин бул ветеринардын ишмердүүлүгүн улантуу боюнча келишим түзүлбөстүгү белгилүү болду. Ошону менен катар Э.Байбакбаев ветеринардык аптекалардагы дары-дармектерге дагы тыкыр көзөмөл болсо деген каалоосун билдирди.

Соңунда мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1284

Окшош жаңылыктар