Жогорку Кеңеште жүк ташуучулар, Бишкек - Кара-Балта жолу, дарыяларда суу деңгээлинин көтөрүлүшү боюнча маселелер Өкмөттүн астына коюлду

09-03-2017 12:18

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар социалдык-экономикалык, саясый маселелер көтөрүлдү.

Депутат Тазабек Икрамов Кытайдын Уйгур автономдуу аймагында Кыргызстандын жүк ташуучу унааларына тыюу салынып, айдоочулар бир топ чыгым тартып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, жүк ташуучуларга унаалардын тент менен жабдылышынын ордуна контейнерлерди койгула деген талап коюлган. Маалыматка ылайык, контейнерге алмаштыруу 5 миң долларды чамалайт. “Мындай шартта Кыргызстандын аймагындагы жолдорго таразаларды коюп, чектөөлөрдү киргизүү керек. Антпесе, кытайдын 40-50 тонналык жүк ташуучу унаалары деле кирип жатат”,- дейт депутат.

Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар болгондугун депутат Алиярбек Абжалиев маалымдады. Ошону менен катар депутат аталган маселе тууралуу Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда түзүлгөн келишимде консультанттарга эле 2 млн АКШ доллары каралгандыгын сынга алды.

Бишкек-Ош жолунун Чүй облусунун Сокулук районунан баштаган Төө-Ашуу, Суусамыр, Чычкан капчыгайына чейинки тилкесин болгону бир ДЭП тейлерине депутат Кожобек Рыспаев нааразы болду. “2-3 гана техникасы бар №9 ДЭП ишканасы мындай узун жолду тейлөөгө кантип жетишет”,- дейт эл өкүлү. Депутат Алтынбек Жунус уулу дагы бул маселени улап, Бишкек – Кара-Балта жолунун өтө начар абалы тууралуу сөз козгоду.

Жаздын келиши менен дарыялардын, суулардын деңгээли көтөрүлө баштады. Депутат Айтмамат Назаров Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясы кум-шагылдардан тазаланбай, суу көлөмү көтөрүлө баштаганын айтты. Ошондой эле Ынтымак айыл аймагындагы бир катар айылдарды бойлоп өткөн бул дарыянын жээгине дамба курулбаганын кошумчалады. Мындан сырткары, жер көчкү жүргөн жерлердеги жарандардын башка жерге үй салуусунда жер тилкелеринин трансформацияланбай жаткандыгын баса белгиледи.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагындагы Чкалов айылына өтүүчү көпүрөнү оңдоо дагы деле чечилбей келет. Бул тууралуу депутат Айбек Алтынбеков билдирди.

Депутат Наталья Никитенко парламенттик демократиянын негизин күчтүү оппозиция түзөт деп, бүгүнкү күндө оппозициялык күчтөргө кысым көрсөтүлүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында бир тараптуу маалыматтар берилип жатканын билдирди.

Тоолуу райондордо кыш али күчүндө. Депутат Камчыбек Жолдошбаев тоолуу райондордун элинин саламаттыгына көм көрүү зарылдыгын ортого салды. Тоолуу райондогу сууктун күчү кете электигин улаган депутат Алтынбек Жунус уулу импорт болбогон учурда деле карапайым элден электр кубаты үчүн 2,16 сомдон алынып жатканы Өкмөттүн тиешелүү токтомуна ылайык эместигин белгиледи.

Депутат Тынчтык Шайназаров Бишкектин Ленин районунун салык кызматынын башчысы салыктык планды толтура алган эмес деп негизделип, кызматынан алынганы менен саясый өңүттөн улам алынгандыгын айтты. “Мындай болсо план толтура албаган башка райондордун салык кызматынын башчыларын дагы кызматтан алынышы керек”,- дейт. Депутат Мурадыл Мадеминов Ленин районунун салык кызматында план чынында эле толтурулбаганын, бирок планга чыкпаган башка райондун салык кызмат башчыларына да ошондой мамиле керектигине токтолду.

Жер пайдалануу чөрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына түзөтүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынганы менен андан ары жылбай турат. Бул тууралуу депутат Уланбек Примов маселе көтөрдү. Ал инвестиция тартып, жумуш орундарын түзө турган бир катар ишкерлер бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышын күтүп жатканын баса белгиледи.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 320

Окшош жаңылыктар