ЖАҢЫЛЫКТАР 09.03.17.

09-03-2017 09:10

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эки өлкө аймагында болуу тартибин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды.  Ага ылайык, Казакстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары, Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн казак жарандары 30 күнгө чейин турган жериндеги ыйгарым укуктуу органдарда катталуу милдетинен бошотулат. Бул протоколго 2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында (Казакстан) кол коюлган. Эки тараптуу протоколду ратификациялоо терс социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

Ош, Кара-Суу, Чолпон-Ата шаарларынын суу менен жабдуу тутуму өткөн кылымдын орто чененинде эле курулгандыктан, алар алмаштырылууга муктаж. Ошондон улам, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен аталган шаарлардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык келишимдерге кол коюлган. Бул багыттагы долбоор Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети тарабынан жактырылды. Анын алкагында Ош шаарына 10 млн 765 миӊ евро, Кара-Суу шаарына 6 млн 300 миӊ евро, Чолпон-Ата шаарына 6 млн 200 миӊ евро көлөмүндө насыялык жана гранттык каражаттар бөлүнмөкчү. Келишимде КР Өкмөтү тарабынан кош каржылоо шарты, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен чыгымдар каралган эмес.

Депутат Улукбек Ормонов Өзгөн районундагы 5000 адам жашаган Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кашка-Терек айылына айыл макамын берүү талабы коюлуп жаткандыгын билдирди. Эл өкүлү бул багытта КР Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө тиешелүү документтерди топтоп, алып келүүсү боюнча тапшырма берүүнү аткаруу бийлигине табыштады.

                            СНХ.У.ОРМОНОВ

Бишкек шаарынын №10, №20, №28, №44 жана № 76 мектептеринин ордуна жана «Улан» кичи районуна жаңы имараттарды курууга мамлекеттик бюджетти түзүүдө каражат каралат. Бул тууралуу тапшырмалар Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Өкмөткө тапшырылды. Ордо калаадагы №9, 12, 13, 23, 24, 26, 31, 43, 61, 67, 70 жалпы билим берүүчү уюмдарынын, А.Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпустарын курууга да каражаттар изделе тургандыгы айтылды. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин толук материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү иштерине да тийиштүү каражаттарды табуу зарылчылыктары белгиленди. Санитардык-гигиеналык ички жайлардын талаптарга жооп бериши да иретке салынат. Интернет тармагында билим берүү уюмунун расмий сайтын түзүү жактары да демилгеленип жатат. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга мектепке чейинки жана билим берүүчү уюмдардын жетекчилерин бир мекемеге дайындалган учурдан тартып, кызмат ордунда иштөөдө 6 жылдан ашпаган мөөнөт белгиленсин деген өзгөртүүлөр сунушталууда.

Депутат Искендер Матраимов Ош облусунун Кара-Суу районунда жалпысы 23 мектептин курулушу жүрүп жаткандыгын маалымдап, бүтөйүн деп калган мектептерди соңуна чыгаруу керектигин кошумчалады.

                          СНХ.И.МАТРАИМОВ

Депутат Дастан Жумабеков  дагы Талас облусунун Кара-Буура районундагы курулушу башталып, бүтпөй турган мектептердин маселесин аткаруу бийлигине багыттады.

                          СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 9-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан жаайт. Абанын температурасы Чүй,Талас: 4…9, Баткен, Ош, Жалал-Абад:7…12, Ысык-Көл: 2…7 градус жылыйт. Нарын: 0…-5 градус болот. Суусамыр өрөөнүндө -4…-9, бийик тоолуу райондордо -6…-11 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 9-мартта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы  6…8 градус  жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 386

Окшош жаңылыктар