ЖАҢЫЛЫКТАР 07.03.17.

07-03-2017 08:32

Ырас, таза суу менен камсыздоо маселесин Өкмөт колго алып жаткан соң, ал талапты да коё билгендей болуш керек. Бул баа саясатына тиешелүү,- деген эл өкүлү Мирлан Бакиров алынып жаткан эл аралык уюмдардын насыяларын жаабууда сууга болгон төлөмдөрдүн да жардамы тийиши керек деген пикирде.

                         СНХ.М.БАКИРОВ

Суунун сапатын изилдөө суу сактагычтарда күнүгө эмес, саат сайын жүргүзүлүп туруш керек. Бирок, буга бардыгынын эле мүмкүнчүлүктөрү жете бербейт. Реактивдер да жаңыланып туруш керек. Бул жагынан эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүп, банктардын жардамы да тийүүдө. Эл аралык уюмдар балдар мекемедеринде сууну кайнатып колдонууну сунуштаган долбоорду ишке ашырды. Ага ылайык, мектеп класстарында кайнатылган сууну, атайын диспенсерлерди колдонуу шарттары тажрыйбалана баштады,- дейт Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаментинин жугуштуу оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бүбүжан Арыкбаева.

                        СНХ.Б.АРЫКБАЕВА

Депутат Тазабек Икрамов,- “Айыл-өкмөттөрүндө  техникалык  шаймандардын  жана тракторлордун  жетишсиздиги  көйгөй жаратып, жумушсуздукка  алып келүүдө.  Андыктан,  элет   тургундарын  техника  менен камсыз кылуу – жумушсуздукту жоюу менен экономиканын өнүгүшүнө түрткү болмокчу”,- деди фракция жыйынында.

                        СНХ.Т.ИКРАМОВ

Учурда, борбордо 94 мектепте 135 миң окуучу билим алат.  Бул  бир класстагы балдардын санына көптүк кылат деген депутат Рыскелди Момбеков, - “Окуучулар  канчалык  көп болсо, коррупция ошончолук күчөйт. Орундардын тартыштыгынан, азыр мектепке киргизүү үчүн 30 миңге жакын акча төлөнүп жатат ”- деди Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кечээки, 6-марттагы жыйынында. 

                       СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, ордо калаанын мектептерин  республикалык бюджетке өткөрүүнү  туура деп эсептейт. Ал эми  Финансы министри Адылбек Касымалиев: “2013-жылы Өкмөттүн токтому менен  2018-жылга чейин билим берүү тармагындагы  мектептерди республикалык  бюджетке алуу каралган. Ал үчүн 6 миллиардга жакын акча каражаты керектелет.  Бул өтө чоң сумма. Андыктан   республикалык  бюджетке кабыл алуу этап –этабы менен жүргүзүлөт” – деди.

                      СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7-мартта  өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы  Чүй, Талас: 2...7, Ош, Жалал-Абад, Баткен:4...9, Ысык-Көл: 1...6 градус жылуу болот. Нарын:-2...-7 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 7-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын температурасы 4...6 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 122

Окшош жаңылыктар