ЖАҢЫЛЫКТАР 06.03.17.

06-03-2017 09:14

“Сууга болгон, ал тургай жер салыгынын тарифтери жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат. Бирок, ошол жергиликтүү кеңеш депутаттары бааларды жогорулатып, өз аймагында жаман көрүнгүсү келишпейт. Буга иш ыргагында күбө болуп жүрөбүз”,- дейт депутат М.Бакиров.

                             СНХ.М.БАКИРОВ  

Ар бир жерде суунун сапаты ар башка. Ошондой болсо дагы суунун курамын текшерүүдө колдонула турган атайын бирдиктүү изилдөө ченемдери  бар. Ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан  аныкталган,- дейт Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаментинин радиациялык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Казыбаев.

                             СНХ.Н.КАЗЫБАЕВ  

Суу алынып жаткан негизги булак жер үстүндө ачык түрдө болот. Ошондой эле жер алдынан дагы суулар колдонулат. Жер алдындагы суулар анчалык кооптонууларды жаратпайт. Ал эми жер үстүндөгү булактар жаз жана күз мезгилдеринде атайын тазалоодон өткөрүлүп турат. Суу сактагычтардын жабык түрүндө курулгандары деле тынчсызданууларды пайда кылбайт. Бул туралуу  Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаментинин жугуштуу оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бүбүжан Арыкбаева түшүндүрмө берди.

                          СНХ.Б.АРЫКБАЕВА

Ымыркайлар менен жаңы төрөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан долбоорлордун алгачкы натыйжалары жаман эмес. Ал атайын түзүлгөн реестр болуп саналат. Бөйрөк ооруларынан жабыркагандарга да жеңилдиктер каралган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Таланбек Батыралиев КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

                          СНХ.Т.БАТЫРАЛИЕВ

Глобалдык фонду тарабынан Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына кургак учук сындуу жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгү максатсыз колдонулуп жатат. Бул тууралуу депутат Анвар Артыков КСДП фракциясында Саламаттык сактоо тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирип, Саламаттыкты сактоо министрлигинин отчетун сурады.

                        СНХ.А.АРТЫКОВ

"Республика – Ата-Журт" фракциясынын кезектеги жыйынында депутаттар тобу тарабынан автотранспорт каражаттарынын ээлери төлөй турган салыкты жоюу менен, аны күйүүчү-майлоочу материалдарды берүүчүлөр тарабынан алынуучу акциз салыгына которуу максатында иштелип чыккан “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоору жактырылды. Демилгечилер белгилегендей, учурда колдонулуп жаткан автоунаа салыгынын пайдасы өтө аз жана жарандарга да ыӊгайсыз. Тагыраагы, Кыргызстанда катталган 1 млн 15 миӊ 352 унаанын 23 пайызы кандайдыр бир себептерден улам төлөбөй келет. Ага кошумча, 10 миӊден ашуун унаага 50 пайыздык жеӊилдиктер берилген.

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6-мартта өлкөнүн кээ бир райондорунда  кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: -1…+4; Талас:-2…+3 градуска чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад: 4…9; Ысык-Көл: 1…6 градус жылуу болот. Нарын:-2…-7, бийик тоолуу райондордо -7…-12 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 6-мартта жаан-чачын жок. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы 2…4 градуска чейин жылыйт.

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 163

Окшош жаңылыктар