ЖАҢЫЛЫКТАР 03.03.17.

03-03-2017 08:18

Бүгүн, 3-мартта Вице-Спикер Алтынай Өмүрбекова, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы  Марат Аманкулов жана депутат Сайдолимжон Джураев “Жай олтуруп баарлашуу” долбооруна катышат. Бул ирет Бишкек шаарындагы башаламан курулуштар темасы талкууланат. Санариптик телекөрсөтүүгө өтүү шарттары дагы талкуунун негизги өзөгүн түзмөкчү.

Кечээ, 2-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Суу кодексине, “Суу жөнүндө” мыйзамга) каралды. Анын кабыл алынышы физикалык жана юридикалык жактар менен административдик органдардын ортосунда келип чыккан чыр-чатактарды өздөрүнүн укук жана кызыкчылыктарын коргоонунун милдеттүү шарты катары административдик жол-жоболорду жүргүзүү менен чечүүгө шарт түзөт.Талкууда мыйзам долбоору колдоо тапса, ал эми анын аткарылышына Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Экологиялык жана техникалык инспекция жооптуу болоору такталды.

Ипотекага турак-жай алган жарандарга жеңилдик берүү максатында бир топ жакшы кадамдар жасалууда. Бул маселе Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында талкууланды. Демилгечи депутаттардын бири Акылбек Жамангулов бул багытта төмөндөгүчө түшүндүрмө берди.

                      СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Депутат Алмазбек Эргешов “Дача СУ” айылынын тургундарынын кайрылуусун парламенттин кечээки олтурумнда тааныштырды. Кайрылууда жергиликтүү тургундар Дача СУ аймагы басылып алынып, салынган үйлөр эместигин, жер тилкелери дачалык массивдерге берилип үйлөр курулганын, айрым жалпыга маалымат каражаттары туура эмес жазып жаткандыгын белгилешкен. Жергиликтүү тургундар кайрылуу аркылуу бул Дача СУ дачалык массивине же айыл макамын берүү же башка аймактан жер тилкеси менен камсыздоо өтүнүчтөрүн билдиришкен.

                    СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Кыргызстан кылмыштуулук деӊгээли боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыӊкы үчилтикке кирди. Ошондуктан, баарыдан мурда жаш муундарга туура таалим-тарбыя берүү ишин колго алышыбыз керек. Жалпы коомчулуктун биргелешкен аракети зарыл. Ансыз өлкөдөгү кылмыштуулукту азайта албайбыз,- дейт депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊештин кечээки жыйынында.

                    СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Темир жолдо жүк ташуу боюнча унификацияланган тариф киргизилгенине карабастан, эмнегедир күйүүчү майдын баасы түшпөй жатат. Анын баасы жок дегенде 3 сомго чейин арзандашы керек эле. Ортодо кайсы бир кызыкдар жактар бар окшойт, алардын тизгинин тартуу зарыл,- деген депутат Узарбек Жылкыбаев буларды белгиледи.

                   СНХ.У.ЖЫЛКЫБАЕВ

Бишкек – Ош автожолунун тамтыгы чыгып бүттү, жүрүүгө болбой калды, авария көбөйдү. Көп жылдан бери биз айткандан тажабадык, Өкмөт убада бергенден тажаган жок, эч жылыш жок. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                   СНХ.М.БАКИРОВ

Депутат Болотбек Ибраимжанов Бишкек - Кара-Балта, Бишкек-Ош жолдорунун абалы боюнча маселеге кайрылып, Бишкек-Ош жолунун 130-150 чакырымдагы жол тилкелеринин абалы абдан начар. “Оңдоп-түзөө иштерин алып барган компаниялардын жоопкерчилигин кароо зарыл”,- дейт.

                 СНХ.Б.ИБРАИМЖАНОВ

“Авто кырсыктары жол белгилеринин жоктугунан да болуп жатат”,- деген депутат Нургазы Нишанов болсо Бишкек-Ош жолундагы жол сызыктары өчүп, көрүнбөй калгандыгын сынга алды.

               СНХ.Н.НИШАНОВ

            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3-мартта өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде бурганак болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал. Абанын температурасы Чүй:0…-5, Талас:-1...-6, Нарын: -5…-10, бийик тоолуу райондордо -6... -11 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад:-1...+4, Баткен:-2…+3,Ысык-Көл:-3...+2 градуска чейин жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3-мартта мезгил-мезгили менен жамгыр кар аралaш жаайт. Жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы -1…-3 градус суук болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 464

Окшош жаңылыктар