Ичүүчү суунун курамын табигый элементтерге бай дейбиз, ал эми сапатычы?

02-03-2017 17:39

Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 2-марттагы жыйынында  “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр 2- окууда каралды. Бул темага парламенттик радио дагы кайрылып, түз эфирге депутат Мирлан Бакировду чакырды. Депутат таза суунун сапаты, тариф саясаты тууралуу ой бөлүшүп, угармандардын бир топ суроолоруна жооп берди.

“Сууга болгон, ал тургай жер салыгынын тарифтери да жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат. Бирок, ошол жергиликтүү кеңеш депутаттары бааларды жогорулатып, өз аймагында жаман көрүнгүсү келишпейт. Буга иш ыргагында күбө болуп жүрөбүз”,- дейт депутат М.Бакиров. 

"Ырас, таза суу менен камсыздоо маселесин Өкмөт колго алып жаткан соң, ал талапты да коё билгендей болуш керек. Бул баа саясатына тиешелүү",- деген эл өкүлү алынып жаткан эл аралык уюмдардын насыяларын жабууда сууга болгон төлөмдөрдүн да жардамы тийиши керек деген пикирде. 

"Ар бир жерде суунун сапаты ар башка. Ошондой болсо дагы суунун курамын текшерүүдө колдонула турган атайын бирдиктүү изилдөө ченемдери  бар. Ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан  аныкталган",- дейт радио уктурууга катышкан  Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаментинин радиациялык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Казыбаев.

Суу алынып жаткан негизги булак жер үстүндө ачык түрдө болот. Ошондой эле жер алдындагы суулар да колдонулат. Жер алдындагы суулар анчалык кооптонууларды жаратпайт. Ал эми жер үстүндөгү булактар жаз жана күз мезгилдеринде атайын тазалоодон өткөрүлүп, текшерилип турат. Суу сактагычтардын жабык түрүндө курулгандары деле тынчсызданууларды пайда кылбайт. Бул боюнча аталган уктурууга катышкан   Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бүбүжан Арыкбаева түшүндүрмө берди. 

Адистин ырасташынча, суунун сапатын изилдөө суу сактагычтарда күнүгө эмес, саат сайын жүргүзүлүп туруш керек. Бирок, буга бардыгынын эле мүмкүнчүлүктөрү жете бербейт. Реактивдер да жаңыланып туруш керек. Бул жагынан эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүп, айрым банктардын жардамы да тийүүдө. Эл аралык уюмдар балдар мекемелеринде сууну кайнатып колдонууну сунуштаган долбоорду ишке ашырды. Ага ылайык, мектеп класстарында кайнатылган сууну, атайын диспенсерлерди колдонуу шарттары тажырыйбалана баштады,- дейт Б.Арыкбаева.

Жалпысынан алганда адистер Кыргызстандагы таза суунун сапатынан кооптонууга эч негиз жок экендигин бир пикирде белгилешти.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 271

Окшош жаңылыктар