ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.16.

23-06-2016 08:14

Бүгүн, 23-июнда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 104-беренесинин 6-7- жана 8-бөлүктөрүнө ылайык, КР Өкмөтүнүн мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча жасаган иштери жөнүндө маалыматы тууралуу “Өкмөттүк күн” өтөт. Мындай сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитет демилгелеген.

Жогорку Кеӊеш КР Өкмөтүнүн түзүмүн өзгөртүүнү жактырды. Депутаттар бул маселени талкуулоодо элдин турмушун жеңилдете турган кандай өзгөчөлүктөр боло тургандыгын такташты. Жаңы түзүм менен кошумча штат, кошумча каражат жумшалар-жумшалбастыгына да кызыгышты. Мындан сырткары, эл өкүлдөрүнүн  коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр кызматы боюнча сунушу эске да алынмай болду.

"Азыр ууруну кылмышкер деп көрсөтсөк, сени ууру деп күнөөлөп коет экен. Алар адамды өлтүрүп туруп, өзү өлдү деп коюшу толук мүмкүн. Мен "Кыргыз көмүр" ишканасынын коррупциялык схемаларын ачам деп чамынсам, мени коррупционер деп чыгышты. Мен алардын баарын сотко бердим. Курулай доомат экенин далилдей албасам мандатымды тапшырып, тынч жашоомду өткөрөм", — деди депутат Мээрбек Мискенбаев парламенттин кечээки олтурумунда.

                                  СНХ.М.МИСКЕНБАЕВ

Кечээ, Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алды. Анда жогорку окуу жайларындагы аскердик кафедраларды жоюу сунушталган.Талкууда  депутат Жанар Акаев,-“Соңку мезгилде балдарын армияга жиберүүдөн чоочулаган жарандар көп. Себеби, андагы басмырлоолордун акыры өлүм менен аяктаган учурлар үчүн министр керт башы менен жооп бериши керек”,- деген оюн билдирди.  

                                   СНХ.Ж.АКАЕВ

Жаңы даярдалып жаткан биометрикалык паспорттун электрондук үлгүсү жарандарды буга чейин орун алып келген ашыкча убаракерчиликтерден арылтат. “Анткени, анын көзгө көрүнбөгөн маалымат базасында ошол паспорт ээсинин улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтар жайгашат. Ошондуктан, коомчулукта талаш-тартышты жараткан паспорттогу “улуту көрсөтүлбөйт экен” деген пикирлердин негизи жок”,- дейт КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат-катчысы Мелис Эржигитов кечээ, 22-июнда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                                  СНХ.М.ЭРЖИГИТОВ                               

Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Пирамида” телеканалынын мамлекеттик органдарынын, анын ичинде Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн түз көрсөтүүгө каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу каралды.Телеканалдын директору Нурзада Токтогулованын айтымында, “Пирамида” жакында мамлекеттик органдардын ишин чагылдыруу форматына өтүп, анын ичинде Жогорку Кеӊештин жыйындары түз көрсөтүлө баштаганын билдирди. Ал телеканалдын жабдууларын жаӊыртуу милдети турганын билдирип, ошондой эле ЖК жыйындары сайттар аркылуу да чагылдырыла тургандыгын маалымдады.

                                   СНХ.Н.ТОКТОГУЛОВА

Депутат Мурадыл Мадеминов  кыргыз парламентинин жыйындарын түз көрсөтүүнүн анчалык деле зарылдыгы жок экенин тактап, андан көрө маалымат катары 40 мүнөттүк чакан көрсөтүү даярдалса эле жетиштүү болорун белгилеп, парламенттик радионун иштеши эле жетиштүү,- дейт.

                                  СНХ.М.МАДЕМИНОВ

Тармактык комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев телекөрсөтүүнүн зарылчылыктарын атап, жыйындын түз эфирдеги чагылдырылышы бардык депутатка бирдей мүмкүнчүлүк түзөөрүн айтты.

                                  СНХ.А.ШАДИЕВ

Жогорудагы “Пирамида” телеканалынын  мамлекеттик органдардын, анын ичинде Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн түз көрсөтүүгө каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу дагы Жогорку Кеңештин бүгүнкү олтурумунда каралмакчы.

 

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 23-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:21...26, Баткен:25...30, Ысык-Көл, Нарын: 19...24 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад:26...31 градуска чейин ысык болот. Бишкек шаарында бүгүн, 23-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  23...25 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 953

Окшош жаңылыктар