ЖАҢЫЛЫКТАР 02.03.17.

02-03-2017 08:45

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында адаттагыдай эле күн тартиби такталган соң,Ар кандай маселелер” бөлүгүнө орун берилет. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорунун алкагында Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамдын да кошумчалары каралат. “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштаган жагдай экинчи окууда талкууланат. “Мамлекеттик ипотекалык турак-жай насыясы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору да экинчи окууда талкууга чыгат.Ошондой эле күн тартибинде Салык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да киргизилген.

Кечээ, 1-мартта парламентте Аида Салянова боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия эми Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовдун ишин дагы карай турган болду. Жалпы 91 депутат каттоодон өтүп, 90 "макул", бирөөсү "каршы" добуш берди. Бул депутаттык комиссияны мурда Өмүрбек Текебаев жетектеп келген болсо, эми Каныбек Иманалиев жетектемей болду. Комиссиянын курамында КСДП - Мурадыл Мадеминов, Рыскелди Момбеков; «Республика – Ата Журт» – Акылбек Жамангулов, Нургазы Нишанов, Курманкул Зулушев;«Кыргызстан» – Канат,бек Исаев жана Урмат Самаев;«Өнүгүү-Прогресс» – Тынчтык Шайназаров;«Бир Бол» – Акылбек Жапаров;«Ата Мекен» – Каныбек Иманалиев бар.

Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эки өлкө аймагында болуу тартибин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Аталган протоколго ылайык, Казакстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары, Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары 30 күнгө чейин турган жериндеги ыйгарым укуктуу органдарда катталуу милдетинен бошотулат. Бул протоколго 2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында (Казакстан) кол коюлган. Эки тараптуу протоколду ратификациялоо терс социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында “Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңеш депутаттары Каныбек Иманалиев, Алмасбек  Акматов, Жаныбек Бакчиев, Эмил Токтошев. Демилгечилердин бири депутат Эмил Токтошевдин айтымында, азыркы учурда жаштарды радикалдык топторго тартуу коркунучун жарата турган ар түрдүү уюмдар, культтар, секталар жайылып кетти. “Ушундан улам, жаш муунга сырттан келүүчү радикалдык экстремисттик идеологиялардын таасирине каршы аракеттенүү максатында КР соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин жарыялоо сунушталып жатат”,- дейт демилгечи.

                      СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Парламенттин кечээки олтурумунда “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдын 96-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Нурлан Ташмамбетов парламенттик радиого курган маегинде буларды билдирди.

                     СНХ.Н.ТАШМАМБЕТОВ

Өрт коопсуздугун сактоодо айрыкча эл көп жыйналган соода түйүндөрүндө тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүгүн белгилеген депутат Акылбек Жамангулов көп кабаттуу үйлөрдүн эксплуатацияга берилишинде да талаптар көп учурларда көз жаздымда калып жаткандыгын билдирди.

                    СНХ.А. ЖАМАНГУЛОВ

Депутат Максат Сабиров өзгөчө кырдаалдарда иштеген кызматтарды бириктирүүнү сунуштоодо.

                     СНХ.М.САБИРОВ

Эл өкүлү Максат Сабиров койгон маселеге кайрылган Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин директору, полковник Нуржан Осмоналиев учурда иштеп жаткан 112 кызматы бар экендигин түшүндүрдү.

                    СНХ.Н.ОСМОНАЛИЕВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар аралаш жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачындын нөшөөргө айланышы күтүлөт. Өрөөндөрдө зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй:-2...+3 Талас: -3...+2 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен:1...6, Ысык-Көл:0...5 градус жылуу болот.  Нарын:-2...-7 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 0...2 градус жылуу болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 565

Окшош жаңылыктар