Жарандар маалыматты 101 телефонуна эле эмес, 112 кыска номерине дагы чалып кабарлашса болот

01-03-2017 17:53

Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функцияларды жөнгө салуу максатында иштелип чыккан КР  “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып, добуш берүүгө жолдонду. Буга чейин бул маселе парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кароосунан өткөн.  Андагы талкуу жүрүшүндө депутат Максат Сабиров: “Чукул кырдаалдар орун алган учурда биринчи барып жардамга кол сунгандар: “тез жардам” көрсөтүүчү дарыгерлер, милициялар менен өрт өчүрүүчүлөр. Ошондуктан, ушул адистерди бириктирген атайын түзүм түзүлсө жакшы болмок. Бул бир катар чет мамлекеттердин тажырыйбаларында колдонулуп жүрөт”,- дейт.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин директору, полковник Нуржан Осмоналиев ушул эле күнү “Парламент” радиосунда болуп, тилсиз жоону алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Адистин айтымында, учурда кырсыктын алдын алуу багытында атайын окутуп-үйрөтүүчү иштер жүргүзүлөт. Автотранспорт каражаттары көп каттаган транзиттик жол бойлорундагы абалга да көз салып туруу максатында атайын өрт өчүрүү деполору уюштурулган. Ушундай эле өрттөн сактоо жана куткаруу пункту Жумгал районунда ачылды. Бул түндүк-түштүк альтернативдик жолунун боюнда жайгашкан.

"Кандай гана кырдаал болбосун жарандар маалыматты 101 телефонуна эле эмес, 112 кыска номерине дагы чалып кабарлашса болот. Ошол жердеги маалыматтар бир эле мезгилде милиция органдарына, саламаттык сактоо кызматына жана өрттөн сактоо боюнча түзүмдөргө тездетилген шартта тегиз жетип турат",- дейт Н.Осмоналиев. Ошондой эле ал атайын техникаларды сатып алуу багытында Кытай мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүрүп  жаткандыгын билдирди. Болбосо, колдонуудагы атайын техникалардын басымдуу бөлүгүнүн эскилиги эбак жеткен. Ошол өрт өчүрүү унааларынын тейлөө аймагы 5 чакырымды түзүш керек болсо, борбор шаардагы анын үлүшүнө туура келген аймактар нормадан кыйла эле ашыкча. "Ошондуктан, белгиленген жерге жетип баруу кыйынчылыгы курч. Буга автотыгындардын дагы кесепети тийүүдө",- деди Н. Осмоналиев.

Бүгүнкү күндө өрткө каршы мамлекеттик кызматы кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзөт. Мындай шартта Өкмөттүн чечими менен эмес тийиштүү уставдар, бекитилген ведомстволук буйруктарга таянып иш алып баруу жол-жоболору ыраатташтырылууда. Бул багытта маалымат берип, ошол эле  КР ӨКМ алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин өрттү алдын алуу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Нурлан Ташмамбетов да парламенттик радионун угармандарынын бир топ суроолоруна жооп берди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 261

Окшош жаңылыктар