ЖАҢЫЛЫКТАР 01.03.17.

01-03-2017 07:59

Жогорку Кеңеш бүгүн, 1-марттагы жалпы жыйынында  Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоорун үчүнчү окууда карайт. Андан тышкары бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору бар. Ошондой эле “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү Өкмөт демилгелеп жатат. Бул маселе дагы 3-окууда талкууланат. “Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” Мыйзамдын долбоору болсо экинчи окууда талданмакчы.“Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоордун биринчи окууда каралаары да күн тартибинде белгиленген.

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Евразия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга киргизүү» долбоорун каржылоо боюнча келишимди түзүүгө макулдугун берди. Өкмөттүн маалыматына караганда, Камбар-Ата ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 360 мегаватт, анын 120 мегаватт кубаттуулуктагы биринчи агрегаты 2013-жылы ишке киргизилген. «Эми анын ошондой эле кубаттуулуктагы экинчи агрегатын ишке киргизүү милдети турат. Ал үчүн 138 млн доллар каражат керектелет, анын 110 млн доллары Евразия өнүктүрүү банкынан алынса, калган бөлүгү энергетикалык акционердик коомдордон топтолууга тийиш», - дейт Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрага орун басары Кубан Мырзаканов. Энергетика чыгашалуу тармак экенин айткан баяндамачы жылына жабдууларды оӊдоо жумуштарына эле 4 млрд сомдон ашык каражат жумшалып жатканын билдирди. Тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев коӊшу Казакстан менен Өзбекстан энергияны жалаӊ ТЭЦтер аркылуу өндүрүп жатканын, гидроэнергетика кыйла арзан түшөрүн эске салуу менен, өкмөт өкүлдөрүн электр кубатынын тарифинин төмөндүгү боюнча наалыган кептерин токтотуп, калктын энергетиктерге карата нааразычылыктарын жоюунун алгылыктуу жолдорун караштырууга, бул багытта иштиктүү чараларды көрүүгө чакырды.

Түндүк менен түштүктү байланыштырган жолдун абалы утур-утур начарлап жаткандыгы унаа каттамынын тынымсыз жүрүп тургандыгынан улам. Бул жагдайга токтолгон депутат Алмазбек Эргешов альтекрнативдик түндүк-түштүк жолунун пайдаланылышы акы төлөө менен жүргүзүлөр-жүргүзүлбөстүгүнө кызыкты.

                          СНХ.А.ЭРГЕШОВ

“Айылбанк” ААК башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимовдун айтымында, жылына айыл чарба тармагын насыялоого 20-30 млрд. сомдой каралса жакшы болмок. Бирок, бюджеттен мындай сумманы табуу албетте кыйынга турат. Талаачылык жумуштары менен үрөөнчүлүк чарбалары, кооперативдер менен кайра иштетүүчү тармактар негизги насыялоонун приоритеттүү багыттары болуп саналат. Андыктан, аталган тармактар боюнча насыя алуучулар көп деле кезек күтүшпөйт. Мал чарбачылыгына келгенде кезек күткөндөр чындап арбын,- дейт М.Акимов.Ошондой эле адис,- азыркы тапта насыя алуу кезегинде жалпы республика боюнча 9 миңдей киши тургандыгын айтып, алардын сурап жаткан муктаждыктарына 4 млрд. 700 млн.сомдук каражат керектелерин билдирди.

                           СНХ. М.АКИМОВ

Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында Ош шаарын таштандыдан арылтууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Маалыматка караганда, ички мигранттарды эске алганда, Ош шаарында 500 миңден ашык адам жашайт. Таштандылар 7 чакырым аралыкта жайгашкан жалгыз полигонго жеткирилет. Ал азыркы учурда толуп калган. Ошондон улам, жаңы полигон курууга, адистештирилген техника алууга, таштандыларды иштеп чыгуу үчүн инвентицияларды тартуу зарылдыгы пайда болгон. Долбоордун жалпы көлөмү 10,95 млн еврону түзөт, анын ичинде 5 млн евро насыя каражаттар 5 млн евро Евробирликтин Инвестициялык фондунун гранты жана 950 миң евро ЕРӨБдүн долбоорду ишке ашырууга берген грант түрүндөгү техникалык жардамы болуп саналат. Долбоордун республикалык маанидеги Ош шаары үчүн инфраструктуралык жактан чоң колдоо болоорун депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.                                         

                         СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Депутат Руслан Казакбаев көп кабаттуу үйлөр менен жеке турак үйлөрдүн тургундарынын төлөй турган таштанды акысынын кайтырмдуулугуна кызыкты.

                          СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Депутат Кенжебек Бокев Экология тармагын тескеген тармактык комитеттин олтурумунда,- “Айрым колунда бар курчирээндер бирине-бири атаандашып, той-топуруна майда, бодо малды мындай кой, жаратылышка суук колун салып, жапайы тоо-текелерин аттырып, сый тамакка тартуулагандар четтен жолугат”,- деп бул айткандарын бир топ мисалдар менен бышыктап берди.

                         СНХ. К.БОКОЕВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында, тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Баткен:5…10;Талас:4…9; Ош, Жалал-Абад:7…12, Ысык-Көл  2…7 градус жылуу болот. Нарын:-1…-6; бийик тоолуу райондордо -5…-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 8…10 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 585

Окшош жаңылыктар