ЖАҢЫЛЫКТАР 27.02.17.

27-02-2017 08:07

Өткөн жума толугу менен Жогорку Кеңеш депутаттары региондордо шайлоочулар менен иш алып барышты. Анткени, Жогорку Кеӊештин кабыл алган токтомунда 20-24-февраль аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып баруу боюнча чечим кабыл алынган. Бул аралыкта Төрага Чыныбай Турсунбеков Чүй облусунда жумушчу сапары менен болду. Анын алкагында Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун, Токмок шаарынын активдери менен жолугушту.Токмок шаарында өткөн жолугушууда Төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоочуларга Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, 2021-жылга чейинки Жогорку Кеңештин өнүгүү стратегиясы тууралуу учкай маалымат берип, мыйзам чыгаруу органы коомчулукка ачык иш алып барып жатканын белгиледи. Жолугушууга келген райондордун активдери менен жергиликтүү кеңештердин депутаттары таза суу, мектеп курулуштарынын аягына чыкпай жаткандыгы сыяктуу бир катар социалдык көйгөйлөрдү эл өкүлдөрүнө маалымдашты.Ошону менен катар, Токмок шаарындагы аймактык оорукананын, Балдар үйүнүн жылуулук маселеси көтөрүлдү. Мындан сырткары, облустагы сугат суу көйгөйү, айылдарды байланыштыруучу жолдордун абалы, элет жерлеринде турак-жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо, дары-дармектердин баасынын кымбаттыгы, муниципиалдык кызматкерлердин айлык акыларынын аздыгы сындуу маселелердин чечилишин талап кылышты. Токмок шаарынын тургундары болсо шаар аймагында жер алдынан чыккан суунун деңгээли көтөрүлүп баратканына коңгуроо кагып, бул жагдайды жөнгө салууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Айыл чарбасына берилген насыялардын 99 пайызы кайтарымдуу. Андыктан, дыйкан-фермерлерге мамлекеттин субсидияланган колдоосу жок эле жөнөкөйлөштүрүлгөн насыяларды берсе жакшы болмок. Мындай кадамга баруудан Өкмөт коркпош керек,- дейт депутат Зиядин Жамалдинов “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                     СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Депутат Кубанычбек Нурматов айыл чарба техникаларына берилген насыялардын пайыздык үстөгү текши эместигин айтып, бир топ мисалдарды келтирди.

                     СНХ.К.НУРМАТОВ

Парламенттик радиого берген маалыматында "Айылбанк” ААК башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов айыл чарбасына каралган насыялоо жазгы жана күзгү талаа жумуштарына деп жылыга эки этап менен берилерин билдирди. “Чет өлкөлүк эксперт, кеңешчилердин айыл чарбасын насыялоо тобокелчилигинен кооптонушат. Бирок, биздин шартта дыйкан-фермерлерибиз, айыл чарба багытындагы ишкердиктин чөйрөсү ошол чет элдик консультанттар ойлогондой болгон жок. Тескерисинче алынган насыялардын кайтарымдуулугу жанынан алар мыкты ишенимге ээ боло алышты”,- дейт.

                     СНХ.М.АКИМОВ

Ысык-Көлдүн тургундары, Балыкчы – Корумду жолунун курулушунда иштеген жумушчулар жол курулушун каржылоо, анда иштегендердин маянасын чечип берүүгө көмөк көрсөткөнү үчүн Жогорку Кеӊештин депутаттарына ыраазычылык айткан билдирүү таратты. Эске салсак, Балыкчы – Корумду жолунун курулушунда баш-аягы 600 адам иштесе, алардын 90 пайызы жергиликтүү тургундар болуп саналат. Бюджеттик каражаттын тартыштыгына байланыштуу өткөн жылдын октябрь айынын аягынан тарта каржылоо иши токтоп калган. Ошондон улам, курулушчулардын арасында нааразычылыктар башталган болчу.«Биздин өлкөдө дагы да болсо элдин абалына кайдыгер карабаган аткарминерлер бар экен. Өзгөчө Максат Сабиров, Узарбек Жылкыбаев, Данияр Аттокуров, Бакыт Төрөбаев, Чыныбай Турсунбеков сындуу өзүбүз тандап шайлаган эл өкүлдөрүнө өтө ыраазыбыз. Алар Жогорку Кеӊештин жыйынында биздин көйгөйлөрдү көтөрүп, жолдун курулушуна биринчи транштагы 100 млн сом өлчөмүндөгү каражатты бөлдүрүп бере алышты. Эми калган 111 млн сом да жакын арада бөлүнөт деген ишенимде турабыз», - деп айтылат ал билдирүүдө.

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй: 11…16; Талас: 9…14;Ош, Жалал-Абад, Баткен: 7…12; Ысык-Көл:1…6 градус жылуу болот. Нарын областында жана бийик тоолуу райондордо -7…-12 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн,27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрди түзөт. Абанын температурасы 14…16 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 573

Окшош жаңылыктар