Кыргызстан - Евробирлик парламенттери эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу маани беришет

20-02-2017 18:10

Бүгүн, 20-февралда Европарламентттин делегациясы менен болгон жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев: “Кыргызстандын Европа Бирлиги (ЕБ) менен кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечеги кең”,- деп билдирди. "Кыргызстан-Европа Бирлиги" парламенттер аралык кызматташтыгынын XII жыйынына арналган бул иш- чарага депутаттар Акылбек Жамангулов, Жанарбек Акаев, Эмил Токтошев катышты.

“Евробирлик үчүн Орто Азия регионундагы негизги өнөктөш мамлекеттердин бири – Кыргызстан. Анткени, ал региондогу демократия аралчасы катары жакшы таанымал. Сырткы мамлекеттердеги туруксуздукка карабай, Кыргызстан өнүгүүнүн жолунан тайбай келе жатат. Буга элинин иштермандыгы чоң жардамын тийгизүүдө”,- деп билдирди “Кыргызстан-Евробирлик” парламенттик кызматташтык тобунун тең төрагасы, Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитетинин  мүчөсү Ивета Григуле.  

Ошондой эле ал Германия менен Франциядагы терроризм фактылары тууралуу да сөз кылды. “Адам жашоосу баарынан ыйык турат. Ошондуктан, баардык билим менен күчтү бириктирип терроризмге каршы туруу керек. Анын алкагында наркотрафик менен күрөшүү дагы негизги багыттардын бири”,- деди ал.

Европарламенттин дагы бир өкүлү Андрей Мамыкин бул жолку делегациянын курамында Латвиядан 3 өкүлдүн бар экендигин, алар кыргыз элинин меймандостугун жогору бааларын кошумчалады.

Жолугушуу жүрүшүндө БШК, ИИМ, Бажы жана чек ара кызматтары да ар бир тармакта аткарылып жаткан иштерден маалымат берип, жаңы реформалык кадамдарды ишке ашырууда Евробирликтин колдоосу зор экендигин белгилешти.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар