Депутат Б.Райымкулов: “Панфилов районунда кант кызылчасын эгүү өнөктүгүндө бир катар көйгөйлөр жаралып жатат”

17-02-2017 16:55

Бүгүн, 17-февралда Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында кант кызылчасын эккен дыйкандар Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов, КР Айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, “Кайыңды кант” заводунун өкүлдөрү жана облус жетекчилиги менен жолугушту.

Депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, Панфилов районунун дыйкандары кайрылып, жаз алды менен пландап жаткан кызылча эгүү өнөктүгүндө бир катар көйгөйлөр жаралып жаткандыгын билдиришкен.

“Арпа, буудай эгүү менен мээнет төккөн эмгектери кайтпай калып жаткан бүгүнкүдөй шартта дыйкандарды бирден бир үмүт кылып, кант кызылчасын айдап келишүүдө” деген Бакыт Райымкулов дыйкандар койгон маселени аткаруу бийлигинин астына байма-бай коюп келе жатканын белгиледи.

“Башынан эле карапайым элге кызылча эккиле” деп келген кант заводу менен аткаруу бийлиги эми кант кызылчасын эгүүгө чектөө киргизип жатат”,- дейт жергиликтүү дыйкан. Руслан Чыныбаев. Ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, заводдун кубаттуулугу жетпей жатканда шарт түзүп же кошумча завод ачып же коңшу Казакстанга чыгарууга көмөк көрсөтсө жакшы болот эле дейт.

Ошону менен катар нааразычылыгын билдирип келген дыйкандар завод кант кызылчасын айдагандарга урук берүүдө акыйкатсыз бөлүштүрүлүп жатканын айтып чыгышты. Жери көп, колунда барларга урук көбүрөөк берилип кетип, кызылча айдап жан багайын дегендерге урук берилбей жатканын айтып нааразы болушту. Чогулгандардын көбү урук ала электигин ортого салышты. Ошентип урук дыйкандарга тегиз бөлүштүрүлбөй жаткан маалда жаңы кызылча айдайм дегендерге урук берилбейт деген дагы сөздөр тараган.

“Кайыңды кант” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Дүйшөн Макеев сезондо завод 350 миң тонна кызылча иштетүүгө ылайыкташкан болсо, 2016-жылы аба ырайы жаанчыл болуп, элдин эккени 700 миң тоннадан ашкандыгына токтолду. Анын маалыматы боюнча азыркы тапта заводдо 140 миң тонна иштетиле элек кант кызылчасы турат. Эми дыйкандардын эккен кызылчасын кабыл алууга аракет кылып “Кыргыз-орус” өнүктүрүү фондунан насыя алып, “Кошой” заводун күзгө ишке киргизүү аракети болуп жатканын билдирди.

Ал эми КР айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 2017-жылы 16 миң гектар жерге Чүй, Талас облустарында кант кызылчасын эгүү пландаштырылганын айтып, эгер андан ашып кетсе дыйкандардын эмгеги күйүп кетерин ачык белгиледи. “Андыктан, Чүйдүн ар бир районуна бөлүнгөн квотадан чыкпай, дыйкандар белгилегендей, адилеттүү бөлүштүрүп, урук таратууну калыс жүргүзүү аракетин көрөбүз”,- дейт ал.

“Жаздын бир күнү, жылга тете” деген депутат Бакыт Раймкулов завод менен түзүлгөн келишимдерди ыкчам карап чыгып, 16 миң гектарга өлчөнгөн уруктарды дыйкандарга тегиз таратып берүү маселесине чекит коюу керектигин баса белгиледи.

Соңунда айтылган сунуш-пикирлерди, коюлган талаптарды терең иликтеп чыгып, кийинки жума күнү кайрадан дыйкандар менен жолугушмай болушту. Бир апта ичинде бирине аз, бирине көп кылбай тегиз бөлүштүрүү маселеси чечилип, дыйкандар калган жерлерине эмне эксе болоору боюнча дагы сунуштар айтылмакчы.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 197

Окшош жаңылыктар