Жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асанов: "Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасирин талдоо чечимдердин кабыл алынышына таасир тийгизбейт"

17-02-2017 16:40

Жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асанов "Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасирин талдоо боюнча жалпы мамлекеттик стандартты иштеп чыгуу жана башка тиешелүү изилдөө ыкмалары" жөнүндөгү долбоорду ишке ашыруу планы менен тааныштырды. Эске салсак, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясында камтылган.

Бетачардын алкагында мыйзам долбоорлорунун жөнгө салуу таасирин талдоодон өткөрүү жана мыйзам долбоорлорун, ченемдик-укуктук актыларды тиешелүү иликтөө ыкмалары аркылуу карап чыгуу багытындагы мыйзам долбоору сунушталды.

Андан тышкары, баяндамачы укуктук, экономикалык жана башка анализдердин жоктугу, альтернативдик жөнгө салуу боюнча коомдук талкуулардын жыйынтыгынын көрсөтүлбөгөндүгү сыяктуу ченемдик-укуктук актылардагы негизги көйгөйлөргө өзгөчө көӊүл бурду. Ошондой эле А.Асанов экспертиза кызматынын жыйынтыгы сунуштама катары гана көрсөтүлүп, укуктук статус катары каралбай тургангын жана мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасирин талдоо чечимдердин кабыл алынышына таасир тийгизүүчу документ эмес экенин билдирди.

Экспертизанын түрлөрүнө (укуктук, укук коргоо, коррупцияга каршы, гендердик) токтолгон баяндамачы, изилдөөлөрдүн башкы максаты кабыл алынган мыйзамдардын сапатын менен таасирдүүлүгүн жогорулатуу экенин кошумчалады. 

Бетачардын жыйынтыгында мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасирин талдоо жана башка изилдөөлөрдүн зарылчылыгы белгиленип, аталган жаатта мыйзамдарды иштеп чыгуу менен сапаттуу мыйзамдарды кабыл алууга жол ачылары айтылды.

Ал эми «Электрондук парламент» долбоору мурдагы Өнүгүү стратегиясынан бери келаткан иш-чаралардын бири болуп саналат. Ал Жогорку Кеӊештин башка бийлик бутактары жана жалпы коомчулук менен маалыматтык-коммуникациялык байланышын чыӊдоого багытталган долбоор. Азыр анда заманбап технологиянын жардамы аркылуу андан ары өркүндөтүү чаралары каралууда.

Долбоордун жетекчиси Асылбек Кадыров «Электрондук парламент» долбоордун өркүндөтүлгөн вариантында иш кагаздарын электрондук жүгүзртүүгө өткөрүү, парламент ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, парламенттин биридиктүү маалымат базасын түзүү, маалымат коопсуздугун камсыз кылуу багытында жүргүзүлө турган иш-чаралардын планы камтылганын белгиледи.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 179

Окшош жаңылыктар