Улан Примов: "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам максатына жеткен жок"

17-02-2017 14:54

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын 17-февралдагы жыйынында мамлекеттик сатып алуулар системасы боюнча маселе каралды.

Маселе боюнча тиешелүү маалымат менен каржы министри Адылбек Касымалиев тааныштырды. Анын айтымында, 2016-жылдагы сатып алуулардын көлөмү акчалай алганда 52 млрд. сомду түзүп, 2015-жылга караганда 410 млн. сомго өскөн.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов аудиттин жыйынтыгы менен 8 млн. 322 миң сомдук мыйзам бузуулар болгонун маалымдады.

Эл өкүлү Улан Примов «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамы максатына жеткен, жетпегенине кызыкты. Каржы министри мыйзам белгиленген милдеттерге төп келерин, жалпысынан иштеп жатканын, бирок кемчиликтер да көп экенин белгиледи. Бирок депутат Улан Примов мыйзам өз максатына жетпегенин айтты. «Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө дале болсо коррупциялык көрүнүштөр орун алууда, адам фактору жокко чыгарылган жок. Сатып алуулар боюнча жарыялар порталга чыгарылууда, компьютер сунушун берүүдө, бирок акыркы чечимди тендердик комиссия кабыл алуу менен адам фактору чечип жатпайбы. Ал эми мында чоң коррупциялык потенциал жатат», - деди Улан Примов.

Ошону менен бирге депутат өкмөттүн өкүлдөрүн облустагы капиталдык курулуштар башкармалыктарына көңүл бурууга чакырып өттү. Анын белгилөөсүндө, дал ушул мекемелерде мамлекеттик сатып алууларда мыйзам бузуулар орун алып келет.

 

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 993

Окшош жаңылыктар