Иса Омуркулов: "Сатып алуудагы минималдык чекти көтөрүү зарыл"

17-02-2017 14:51

Мындай пикирин Иса Омуркулов СДПК фракциясынын 17-февралдагы жыйынында билдирди. Жыйында КРдагы мамлекеттик сатып алуулар системасы боюнча маселе кароого алынды.

Каржы министри Адылбек Касымалиев  2016-жылдагы сатып алуулардын көлөмү акчалай алганда 52 млрд. сомду түзүп, 2015-жылга караганда 410 млн. сомго өскөн.

СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов каралып жаткан маселенин актуалдуу экенин белгилеп, бюджеттен өнүгүүгө, камсыз кылууга, коммуникация жана кызмат көрсүтүүлөргө  бөлүнгөн бардык акчалардын баары тендерлер аркылуу сарпталарын айтты. Ошону менен бирге мамлекеттик сатып алууларды жакшыртуу боюнча өзүнүн сунуштарын айтты.

«Мында эң ириде адам факторун жокко чыгаруу керек, ошондо эч кимде,  эч бир органда  коррупциялык элементтер боюнча күмөндөр жаралбайт. Бүгүн коррупция боюнча козголуп жаткан кылмыш иштери негизинен тендерлерге байланыштуу болууда. Ошондой эле долбоорлорду даярдоо да чоң мааниге ээ. Долбоорлор канчалык так, сапаттуу, туура түзүлсө, ошончолук ал долбоордун ишке ашырылуусу жакшы болот. Бул үчүн силер алыскы аймактарга интернет жеткирип, алардын порталга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууңар кажет. Бүгүн тилекке каршы, көптөгөн айыл өкмөттөр порталга кошула албай келишет. Ал эми Бишкектегилер болсо мунун да ыгын таап алышып, сапаттуу тендердик билдирмелерди даярдашат да утуп чыгышат. Анан аймактарга  50 %ы сапатсыз товарларды жөнөтүшөт. Өкүнүчтүүсү, мындай нерселерге жол берилип келүүдө», - деди Иса Омуркулов.

Мындан сырткары, фракция лидери сатып алуудагы минималдык чекти көтөрүү зарылдыгын айтты. Муну менен мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун, максаттуулугун арттырууга болот.

«Ошону менен бирге мыйзамга кайсыл учурда түз сатып алууларды жүргүзүүгө боло турганын белгилеген нормаларды киргизүү зарыл. Мисалы, өзгөчө кырдаал жаралышы мүмкүн, бир жерде газ жарылып, же имараттын  чатыры  кулап дегендей. Мындай учурда ишти кечеңдетүүгө болбойт, ыкчам чечилиши керек. Аларга түз, ыкчам түрдө керектүү сатып алууларды жүргүзүүгө щарт берилүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу өкмөт тиешелүү мыйзам долбоорун ЖКнын кароосуна алып келүүгө милдеттендирилген эле. Бирок 6 айдан бери мыйзам долбоору алып келинбей жатат. Маселени аябай создуктуруп жатасыңар. Эгерде маселени чечүү создуктурулуп, мыйзам долбоору даярдалбай жаткан болсо, демек, мында кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар», - деди Иса Омуркулов.

 

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 1079

Окшош жаңылыктар