Жогорку Кеӊештин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференция алкагында анда камылган долбоорлордун бетачары башталды

17-02-2017 13:42

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференциянын алкагында Өнүгүү стратегиясында камтылган долбоорлор тууралуу маалымат бериле баштады. Долбоорлордун бетачар аземин Жогорку Кеӊештин Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов ачып, долбоорлордун кыргыз парламентин өнүктүрүү жаатындагы маанисин баса белгилөө менен, анын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Өнүгүү стратегиясынын келечектүү багыты Жогорку Кеӊештин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, көзөмөл иш-милдеттерин тактоо, ошондой эле анын талдоо жана эл аралык алакаларын арттыруу болуп саналат. Анда парламенттин көзөмөл иш-милдетинин натыйжалуугун арттыруу, тармактык комитеттер менен парламенттик фракция катчылыктарынын, ошондой эле аппараттын ролун жогорулатуу негизги максаттардын бири катары каралган.

Өнүгүү стратегиясында «Электрондук парламент», «Онлайн-отурум», «Келечектүү иштеп чыгуулар», «Комитет – өзгөрүүлөрдүн», «Натыйжалуу катчылык», «ЖК Аппараты – мамлекеттик кызматтын элитасы», «Жогорку Кеӊештин жаӊы инфратүзүмү» сындуу бир катар алгылыктуу долбоорлор камтылган. Ошондон улам, конференцияда Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдору жаатында атайын баяндамалар угулууда.

Эске салсак, өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу топту спикер Чыныбай Турсунбеков менен вице-спикер Алтынай Өмүрбекова жетектеп, жумушчу топтун курамына депутаттар менен Аппарат жетекчилери да кирген. Жогорку Кеӊештин Аппаратында болсо, Өнүгүү стратегиясын аткаруу жана аны ишке ашыруунун пландарын иштеп чыгуу боюнча тогуз жумушчу топ иш алпарууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 527

Окшош жаңылыктар