DFID программасынын жетекчиси Жефф Лилли: "Өнүгүү стратегиясынын ишке ашырылышы калк муктаждыгын канаттандырууга шарт түзөт"

17-02-2017 12:53

Өнүгүү стратегиясынын ишке ашырылышы кыргыз парламентинин калк муктаждыгын толук канаттандыруусуна шарт түзөт. Бул тууралуу Улуу Британия Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) өз ара жардамдашуу программасынын жетекчиси Жефф Лилли Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын, эл аралык өкүлдөрдүн жана жарандык коомдун башын бириктирген бул конференция аталган документти ишке ашырууга багытталган алгачкы кадам болуп эсептелет. "DFIDдин колдоосунда ишке ашырылып жаткан биздин Программа акыркы үч жарым жылдан бери Жогорку Кеӊеш менен өнөктөштүк тартипте кызматташып, парламенттик демократиянын Кыргызстан калкынын жашоосун жакшыртууга кошкон салымын жогорулатуу максатында  бир катар жумуштарды аткарып келет" - деди Жефф Лилли.   

Ошондой эле, кыргыз парламентинин ичинде көйгөйдү талкуулап, анын чечүү жолдорун аныктоо багытындагы бардык партиялардын пикири жаӊырарын айткан Жефф Лилли: "Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүнүн ишин жакшыртуу боюнча Жогорку Кеӊеште көтөрүлгөн бардык демилгелерди жана идеяларды биздин Программа колдоого алууга даяр", - деди. Андан тышкары, ал Программаны биргелешип ишке ашыруу менен экономикалык жана башка тармактарга тиешелүү мыйзамдардын сапаттуу аткарылышып камсыздоого болорун кошумчалады.

Жефф Лилли белгилегендей, Кыргызстан менен Улуу Британияны 20 жылдан бери бекем достук мамиле бириктирип келет. Ошондой эле, эки өлкөнүн бири парламентаризмди курууда ири тажрыйбага ээ болсо, экинчиси алты жылдан бери парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунда иш алып барып жатканын айткан Жефф Лилли: "Андыктан, өткөрүлгөн иш-чара тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзөт", - деди.

Мындан сырткары, жакында эле Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жетекчилиги менен Бизнести жана өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кеӊештин түзүлгөндүгүн эске салган Жефф Лилли, аталган Кеӊеш аркылуу депутаттар бизнес чөйрөсү менен тыгыз кызматташа аларын билдирип: "Биздин Программа парламент ичинде көтөрүлгөн кичи жана орто ишкерчиликке байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берген Бизнести жана өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кеӊештин демилгелерин колдоого даяр", - деди. 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1555

Окшош жаңылыктар