Депутат Наталья Никитенко: "Өнүгүү стратегиясында күчтүү мыйзам чыгаруу органын курууга багытталган таасын тапшырмалар коюлган"

17-02-2017 11:45

Жогорку Кеӊештин Өнүгүү стратегиясында жаӊы шарттагы парламенттин ишмердүүлүгүнө сын көз карашта кароо аракети менен көйгөйлөр аныкталып, өлкөнүн күчтүү мыйзам чыгаруу органын курууга багытталган таасын жана келечектүү тапшырмалар коюлган. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Өнүгүү стратегиясында мыйзам чыгаруу институтун өнүктүрүү багытындагы пландардар гана иштелип чыкпастан, көп тармактуу жаӊы функцияларды жана башка бийлик органдары менен болгон ийгиликтүү кызматташтыкты камсыздоо жаатындагы парламенттин мамлекеттеги башкы милдетин аныктоо максаты белгиленген. 

"Жогорку Кеӊештин Өнүгүү стратегиясын талкуулоо аркылуу эл аралык жана глобалдык деӊгээлдеги өнөктөштөрүбүздүн пикири менен колдоосун билүүгө, жеке каталарыбыздан жана ийгиликтерибизден сабак алууга, андан сырткары, башкалардын тажрыйбасын үйрөнүүгө өзгөчө шарт түзүлүүдө. Бул иш-чараны Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетишкен мезгил аралыгында мамлекеттик башкаруу ыкмасын алмаштыруудагы жетишкендиктерин баалоого жана көйгөйлөрүн талкуулоого дагы бир мүмкүнчүлүк катары караганыбыз оӊ", - деди депутат.

2010-жылы элдик бийлик принцибин камсыздаган түзүлүш катары өлкө жашоосундагы парламенттик демократияны өнүктүрүүгө багытталган жаӊы жол тандалып алынганын эске салган депутат Н.Никитенко: "Парламенттик демократия - бул, узун жана татаал жолдогу коомдун, жарандардын, бийлик бутактары менен тармактык институттардын тынымсыз аракетин талап кылган түбөлүктүү жүрүш. Бирок, ошону менен катар эле өлкө үчүн жаӊы мүмкүнчүлүк.  Биз күбө болуп жаткандай, бул жол бир катар каршылыктар, мамлекеттик түзүмдөгү ар түрдүү жаӊылануулар аркылуу өтөт. Анткен менен багытыбыздан тайбай, жүрүшүбүздү улантышыбыз шарт. Албетте мында Жогорку Кеӊештин ролу жогору.  Тагыраагы, парламент гана өлкө келечегин аныктаган башкы институт катары кызмат кылат. Айрыкча парламент өзүнө тиешелүү мүмкүнчүлүктөр аркылуу Кыргызстандын өнүгүү стратегиясын калыптандырган жана ишке ашырган аянтча болуп бериши керек", -  деп кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 623

Окшош жаңылыктар