Айыл чарбасына берилген насыялардын 99 пайызы кайтарымдуу

16-02-2017 17:20

Бул тууралуу бүгүн, 16-февралдагы "Парламент" радиосунун түз эфириндеги талкууда белгилүү болду. Андыктан, дыйкан-фермерлерге мамлекеттин субсидиясы жок эле жөнөкөйлөштүрүлгөн насыяларды берсе жакшы болмок. Мындай кадамга баруудан Өкмөт коркпош керек,- дейт депутат Зиядин Жамалдинов бүгүн, 16-февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

20 млдр. сомдук баалуу кагаздарды чыгарып, аны “Айылбанк” менен “РСК банкына” берүү керек,- деген депутат,-“Ошол аракеттер ишке ашса, насыя алуучулардын узак кезеги орун албайт эле, 6%дан дагы насыя берүүнүн жолун тапса болот. Ал тургай муктаж болгондорго бир гана каржы түрүндө насыя бере бербей, мал жандыктары түрүндө дагы колдоо көрсөтүп, алардын турмуш шартын оңдоого жардамдашууга неге болбосун?”,- деп суроо койду.

Парламенттик радионун түз эфирине чакырылган “Айылбанк” ААК башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимовдун айтымында, айыл чарбасына каралган насыялоо жазгы жана күзгү талаа жумуштарына деп жылыга эки этап менен берилет. “Чет өлкөлүк эксперт, кеңешчилер айыл чарбасын насыялоо тобокелчилигинен кооптонушат. Бирок, биздин шартта дыйкан-фермерлерибиз, айыл чарба багытындагы ишкердиктин чөйрөсү ошол чет элдик консультанттар ойлогондой болгон жок. Тескерисинче алынган насыялардын кайтарымдуулугу жагынан алар мыкты ишенимге ээ боло алышты”,- дейт. 

Банк жетекчисинин айтымында, жылына айыл чарба тармагын насыялоого 20-30 млрд. сомдой каралса жакшы болмок. Бирок, бюджеттен мындай сумманы табуу албетте кыйынга турат. Талаачылык жумуштары менен үрөөнчүлүк чарбалары, кооперативдер менен кайра иштетүүчү тармактар негизги насыялоонун приоритеттүү багыттары болуп саналат. Андыктан, аталган тармактар боюнча насыя алуучулар көп деле кезек күтүшпөйт. Мал чарбачылыгына келгенде кезек күткөндөр чындап арбын,- дейт М.Акимов.

Ошондой эле адис,- азыркы тапта насыя алуу кезегинде жалпы республика боюнча 9 миңдей киши тургандыгын айтып, алардын сурап жаткан муктаждыктарына 4 млрд. 700 млн.сомдук каражат керектелерин билдирди.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 231

Окшош жаңылыктар