Айыл чарбачылыгын каржылоо багытында аткарылып жаткан иштер өз натыйжалуулугун далилдей алдыбы?

16-02-2017 11:43

Айыл чарбачылыгын каржылоо багытында аткарылып жаткан иштер өз натыйжалуулугун далилдей алдыбы? Насыя алууда пайыздык үстөк кардарлардын чама-чаркына дал келеби? Мамлекеттик банктан насыя алган жеңилби, же жеке менчик банктардын насыя берүү шарттары ыкчамбы? Мына ушул суроолордун бардыгы бүгүн, 16-февралда "Парламент" радиосунун саат 13:00дөгү "Күндүн тартибинде" программасында талкууланат.

Студиянын меймандары: ЖК депутаты Зиядин Жамалдинов, "Айылбанк" ААК башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов угармандардын суроолоруна жооп беришет.

Студиянын түз телефону: (0312) 63-85-90

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 140

Окшош жаңылыктар