Балыкчы – Корумду автожолу боюнча аласа-бересе такталып, кошумча келишимге кол коюлду

09-02-2017 11:31

Жогорку Кеӊеште бир катар депутаттардын талабы менен Өкмөттүн Балыкчы – Корумду автожолунун курулушунун айланысында түзүлгөн кырдаал боюнча маалыматы угулду. Анткени, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жолдун курулушу каржыланбай калгандыктан, куруу иштери токтоп, жумушчулар митингге чыгып жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланган эле.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлүнүн берген маалыматына караганда, ушу тапта Балыкчы – Корумду автожолунун башкы подрядчиги болгон "Лонг Хай" компаниясы менен каржылоо жаатындагы аласа-береселер такталып, кошумча келишимге кол коюлду. «Жолду куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бюджеттен каражат келери менен жумушчулардын маянасы төлөнө баштайт», - деди ал.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев Балыкчы – Корумду автожолунун курулушу боюнча каржылык талаш-тартыштарга чек коюлганын, ал келерки аптадан тарта каржылана баштап, 20-февралга чейин карыздар толугу менен жабыларын билдирди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 543

Окшош жаңылыктар