Аймактардагы көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү кеңештин депутаттары менен Жогорку Кеңештин депуттары биргелешип аракет көрүшү керек

03-02-2017 18:06

Бул тууралуу бардык деңгээлдеги аял депутаттардын ортосундагы байланыштарды жакшыртуу максатында Ош шаарында өткөрүлүп жаткан форум учурунда Жогорку Кеңештеги айым депутаттар форумунун мүчөсү, депутат Альфия Самигуллина билдирди.

Ошондой эле, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында иш алып баруу жергиликтүү кеңештин депуттарынын да милдети экенин айткан депутат Альфия Самигуллина: “Жогорку Кеңештеги айым депутаттар форуму аймактардын абалын жакшыртууга багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга даяр”,– дейт.

Ал эми форумда көтөрүлгөн билим берүү тармагына тиешелүү маселелер боюнча депутат Аида Исмаилова, реформа бул министрлерди же анын орун басарларын кызматтан алуу менен гана чектелбеши керектигин билдирди. “Олуттуу кадамдарды жасоо аркылуу мектептерди сапаттуу китептер менен камсыздоо, мугалимдердин билим деңгээлин жакшыртуу багытындагы иш алып барышыбыз зарыл”, – дейт А.Исмаилова.

Андан тышкары, форумда мектептердин окуу программасын туруктуу стандартка салуу менен мамлекеттик тилди окутуу ыкмасын жаңылоо тууралуу да маселелер талкууланды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 499

Окшош жаңылыктар