Депутат Өмүрбек Текебаев: «Өлкөдө бизнес менен ишкердикти өнүктүрүү кеӊешин түзүү – мыкты идея!»

03-02-2017 16:39

Өлкөдө бизнес менен ишкердикти өнүктүрүү кеӊешин түзүү – мыкты идея! Бирок, ал формалдуу гана иштебестен, өлкө экономикасын өнүктүрүү багытында негиздүү иш алпарууга тийиш. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев жакында КР ЖК Төрагасынын алдында түзүлгөн Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин бүгүн, 3-февралда өткөн алгачкы жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Депутат Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин алдында бизнес чөйрөсүнүн ишин жөнгө салган азыркы мыйзамдар менен жаӊы мыйзам долбоорлоруна кылдат талдоолорду жүргүзүп, өз сунуштамаларын бере турган эксперттик топ түзүү демилгесин көтөрдү. Андан сырткары, Кыргызстандын Жеӊилдиктердин жалпы тутуму (ВСП+) алкагында нолдук коюмдар боюнча 6 миӊден ашуун аталыштагы товарлардын түрүн Европага экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

«Бирок, өлкөдө заманбап товарларды тастыктоо лабораториялары жок болгондуктан, азырынча аны ишке ашыруу кыйын. Ошондуктан, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жигердүү аракеттенип, Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланып калуусу керек», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин курамында депутаттар, бизнес-ассоциациялардын, экономика жаатында иш алып барган кичи, орто, ири бизнес коомчулугунун өкүлдөрү бар. Кеӊешти Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жетектейт, ал эми депутат Абдывахап Нурбаев менен Соода-өндүрүш палатанын президенти Марат Шаршекеев анын орун басарлары болуп саналат.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1066

Окшош жаңылыктар