КР СӨП президенти Марат Шаршекеев: «Бул Кеӊеш мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулугунун ой-пикир алышуусу үчүн өтө маанилүү аянча болот»

03-02-2017 16:36

Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулугунун өз ара ой-пикир алышуусу үчүн өтө маанилүү аянча болуп калат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) президенти Марат Шаршекеев КР ЖК Төрагасынын алдында түзүлгөн Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин алгачкы жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

СӨП башчысы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш өлкөнүн бизнес коомчулугу менен ишкердикти жөнгө салуучу мыйзам базасын жакшыртуу жаатында сунуштамаларды даярдоо боюнча жигердүү иш алпара турганын белгиледи. «Мындай чаралар ишкедик чөйрөсүнө тийиштүү көйгөйлөрдү ыкчам жана туура чечүүнү кыска жолу болуп саналат», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин курамында депутаттар, бизнес-ассоциациялардын, экономика жаатында иш алып барган кичи, орто, ири бизнес коомчулугунун өкүлдөрү бар. Кеӊешти Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жетектейт, ал эми депутат Абдывахап Нурбаев менен Соода-өндүрүш палатанын президенти Марат Шаршекеев анын орун басарлары болуп саналат.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2437

Окшош жаңылыктар