КР ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: «Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзөт»

03-02-2017 15:35

Жогорку Кеӊеште жакында эле КР ЖК Төрагасынын алдында түзүлгөн Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш өзүнүн алгачкы жыйынын өткөрүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, парламенттик фракция башчылары, мамлекеттик органдар менен каржы уюмдарынын, бизнес ассоциациялары менен ишкердик чөйрөнүн, дипмиссиялар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.

Жыйын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бизнес-коомчулугу менен парламенттин ортосундагы алакаларды арттыруу максатында түзүлгөн Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин башкы милдети бизнес чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, инвестициялык абалды жакшыртуу, ишкерчиликти колдоого алуу болуп саналарын баса белгиледи. Ал өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзө турганын кошумчалады.

«Бул Кеӊеш ишкерлердин ишин көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзүү менен, бизнес чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укук актыларын талдоо аркылуу өз сунуштамаларын берүүчү аянтча катары кызмат кылат. Бизнес жана ишкердик субъектилеринин өз тармагына тийиштүү ченемдик укук актыларына мониторинг жасоосуна, экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлору боюнча ой-пикирлерин билдирип туруусуна шарт түзөт», - деди Төрага өз сөзүндө.

Төрага Чыныбай Турсунбеков депутат болгонго чейин узак жылдары Ишкерлер ассоциациясын жетектеп келгенин, Салык кодексинин долбоорун иштеп чыгуу жүрүшүндө бир топ сунуштары аркылуу ишкерлердин кызыкчылыктарынын корголушуна өз салымын кошконун, ошондон улам ишкерлер чөйрөсүндөгү көйгөйдү жакындан жакшы билерин айтып, мындан ары да мыйзамдык базаны жаатындагы айрым маселелерди биргелешип чечүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин курамында депутаттар, бизнес-ассоциациялардын, экономика жаатында иш алып барган кичи, орто, ири бизнес коомчулугунун өкүлдөрү бар. Кеӊешти Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жетектейт, ал эми депутат Абдывахап Нурбаев менен Соода-өндүрүш палатанын президенти Марат Шаршекеев анын орун басарлары болуп саналат.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 574

Окшош жаңылыктар