Аялдар форумунда аялдын саясатка аралашуусуна тоскоолдук жараткан жагдайлар талкууланууда

03-02-2017 15:33

Бүгүн, 3-февралда Ош шаарында бардык деңгээлдеги аял депутаттардын ортосундагы байланыштарды жакшыртуу максатында форум өтүп жатат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат айымдары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутат айымдары катышууда.

Жогорку Кеңештеги депутат айымдар форумунун төрайымы Элвира Сурабалдиева эки күндүк форумдун алкагында аялдардын социалдык көйгөйлөрүнөн баштап, саясий багытта иш алып баруусуна чейинки маселелер караларын белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө аялдардын саясатка аралашуусуна тоскоолдук жараткан жагдайлар айтылды. Алсак, иш-чарада белгилүү болгондой, жакында эле өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын, 12 шаарында жана 151 айыл өкмөтүндө жалпы бөлүнгөн 3125 мандаттын 243үнө гана аялзатынын өкүлдөрү шайланган. Андыктан, аял депутаттарга бөлүнгөн квоталарды кайрадан карап чыгуу менен аялдардын саясатка аралашуусун камсыздоо сунуштары Жогорку Кеңештин депутат айымдар форумунун өкүлдөрүнө айтылды.

Андан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутаттары чек ара, билим берүү жана саламаттыкты сактоо багытындагы маселелерди көтөрүштү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1626

Окшош жаңылыктар