Жогорку Кеңеш Төрагасы Ч.Турсунбеков Россия Мамдумасынын тармактык комитетинин төрагасы Л.Калашников менен парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулады

01-02-2017 16:37

Бүгүн, 1-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен болгон байланыш иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашниковду кабыл алды.

Жолугушууга кыргыз тараптан Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев, россия тараптан РФ ФЖ Мамдумасынын КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен болгон байланыш иштери боюнча комитетинин аппарат жетекчиси Михаил Кротов, Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько катышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан менен Россия ортосундагы бардык деӊгээлдеги саясий кызматташтыктын активдүү улантылып жаткандыгына канааттанарын белгилеп, кыргыз-орус өз ара алакасынын келечеги үчүн зарыл болгон бардык маселелер чечилип жаткандыгын кошумчалады.

"Кыргызстан менен Россия жетекчилери ортосундагы ак ниеттүүлүк жана ишенимге негизделген мамиленин калыптанганы өтө маанилүү", - деген Чыныбай Турсунбеков эки өлкө аралык дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен россиялык кеситештерин куттуктады.

Ошондой эле жолугушууда парламенттер аралык кызматташтык маселелерине өзгөчө көӊүл бурулду. Бул жааттагы алакалар Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүн чыӊдоого жардамчы болорун айткан Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: "Кыргыз-орус парламенттер аралык кызматташтыгынын негизги милдети эки тараптуу келишимдердин аткарылышын мыйзамдык жактан колдоо", - деп билдирди. Андан тышкары, парламенттер аралык байланыштардын мыкты деӊгээлде уланып жатканын белгилеген Чыныбай Турсунбеков, айрыкча, Федералдык Жыйын менен Жогорку Кеӊештин кызматташтыгы боюнча иш алып барган Парламенттер аралык комиссиянын жана эки парламенттин тармактык комитеттеринин биргелешип өткөрүп жаткан жыйындарынын ишине оң баасын берди.

Өз кезегинде Леонид Калашников россия тарап Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкка, өзгөчө, парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоого багытталган саясий алакаларга кызыкдар экендигин билдирди. Мындан сырткары, эки мамлекет ортосундагы экономикалык байланыштарга токтолгон Л.Калашников: "Евразиялык экономикалык бирлик (ЕАЭБ) алкагында мамлекеттердин өнүгүшүнө тоскоолдук жараткан бир катар көйгөйлөр бар. Андыктан аларды талкуулап, маселелерди чечүү жолдорун аныкташыбыз керек", - деди.

Ошондой эле тараптар эки өлкө кызматташтыгынын келечеги тууралуу да баарлашып, КМШ жана ЖККУ Парламенттер аралык ассамблеяларынын алкагында байланыштарды арттыруу зарылчылыгы жөнүндө сөз кылышты. Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков белгилегендей, ушул жылдын 27-мартында Санкт-Петербург шаарында өтө турган КМШ жана ЖККУ Парламенттер аралык ассамблеяларынын кезектеги жыйындарына Жогорку Кеӊештин делегациясы да катышары күтүлүүдө.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1148

Окшош жаңылыктар