Соцфонддун 2017-жылдагы бюджетинде пенсияны жогорулатууга 633 млн 96 миң сом каражат каралды

01-02-2017 10:55

Жогорку Кеӊеште “КР Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, талкуусуз эле үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Соцфонддун маалыматына караганда, сунушталып жаткан бюджет долбоору 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн божомолунун негизинде түзүлдү.

Ошентип, Соцфонддун 2017-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 45 млрд 937 млн 501 миӊ сом өлчөмүндө жана 2017-2018-жылдарга божомолу 48 млрд 754 млн 135 миң сом жана 52 млрд 184 млн 471 миң сом көлөмүндө каралууда. Камсыздандыруу төгүмдөрүн түшүшү 26737933,6 миң сомго белгиленди. Ал эми Соцфондго республикалык бюджеттен 17 млрд 521 млн 971 миң сом өлчөмүндө каражат каралган.

Акциялар боюнча дивиденддердин, акча каражаттардын калдыктарына чегерилген пайыздардын, туумдар менен айыптардын, убактылуу бош акча каражаттарын жайгаштыруудан жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды төлөөнүн мөөнөтүн узартууга эсептелген пайыздардын эсебинен башка кирешелердин түшүшү 177 млн 595 миң сом көлөмүндө болжолдонууда.

Жыл башындагы калдыкты эске алганда, пенсиялык фонддун кирешелери 2017-жылы 42 млрд 363 млн 578 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Эске салсак, жыл башында каражаттардын калдыгы 1 млрд 500 млн сом көлөмүндө болду.

Андан сырткары, 2017-жылы пенсияны жогорулатууга 633 млн 96 миң сом көлөмүндө каражат каралды. 2017-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу белгиленүүдө.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1732

Окшош жаңылыктар